Luke 16:1 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ыйса Өзүнүн шакирттерине да мындай деди: «Бир бай адамдын чарба иштерин башкаруучусу бар экен. Ага: “Сенин чарба иштериңди башкаруучу мал-мүлкүңдү ыксыз ысырап кылып жатат”,  – деп айтып келишет.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ыйса шакирттерине кайрылып мындай деген ибарат айтып берди: — Бир бай болуптур. Анын үй чарбасын башкарган кызматчысы бар экен. Ага ошол кызматчысы тууралуу: «Мүлкүңдү ысырап кылып жатат!» — деген сөз жетет.