Luke 4:23 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ыйса аларга мындай деди: «Силер Мага “Дарыгер, өзүңдү айыктыр!” деген макалды айтарыңар анык. “Капернаумда кылгандарыңды уктук. Ошол кылгандарыңды бул жерде, Өз мекениңде да кылчы”, – дээрсиңер».
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
— «Дарыгер болсоң өзүңдү айыктыр!» деген макалды айтарыңар бышык, — деди Ыйса аларга, — «Капарноомдо кылгандарыңды бул жерде, өз мекениңде да кыл» дээрсиңер.