Luke 6:42 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Сен өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй туруп: “Кел, бир тууганым, көзүңдөгү кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айта аласың? Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып сал, ошондон кийин гана бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салуу керектигин билесиң.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү кыпынды алып коёюн», — деп кантип айтасың? Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү кыпынды кантип алышты билесиң.