Matthew 2:11 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анан алар үйгө кирип, Наристени жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып, Ага таазим кылышты. Сандыкчаларын ачып, Ага ладан, смирна деген жыпар жыттуу заттарды жана алтын тартуу кылышты.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Үйгө киришкенде, Баланы жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Чөк түшүп, Балага таазим кылышты да, баштыктарын ачып, белектерди: алтынды, ладан жана мүр деген жыпар жыттуу заттарды тартуу кылышты.