Matthew 21:12 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ыйса ийбадатканага кирип, андагы сатуучулар менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн сатып отургандардын орундуктарын көңтөрүп таштады.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ыйса ийбадаткананын короосуна кирип, соода кылып жаткандардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштырып олтургандардын үстөлдөрү менен курмандык үчүн көгүчкөн сатып олтургандардын орундуктарын оодарып салды.