Matthew 4:24 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошондо Ал жөнүндө бүт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар түрдүү кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ал тууралуу кабар бүткүл Сирия аймагына тарап кетти. Адамдар Ага ар кандай илдет-дартка чалдыккандарды, жаны сыздап ооругандарды, жин тийгендерди, талмасы барларды, шал оору болуп калгандарды алып келишип, Ыйса аларды айыктырды.