Matthew 6:16 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошондой эле орозо кармаганыңарда, эки жүздүүлөргө окшоп кабагыңарды салбагыла. Алар өздөрүнүн орозо кармап жатканын адамдарга көрсөтүш үчүн, кабагын бүркөп алышат. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Орозо тутканыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула. Алар орозо тутуп жатканын элге көрсөтүш үчүн кабактарын бүркөшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар өз сыйлыктарын эмитен эле алып алышты.