Matthew 6:25 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошондуктан силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ошондуктан силерге айтам: «Эмне жеп, эмне ичебиз» деп, жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла. Тамактан жан, кийимден дене артык да.