Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Бастырылган даныбыздын алгачкы түшүмүн, ар кандай тартууларыбызды, жемиш бактарыбыздын мөмөлөрүн, зайтун майларыбызды, шараптарыбызды ыйык кызмат кылуучуларга, Кудайыбыздын үйүндөгү кампаларга жеткирип беребиз, лебилерге болсо жерибизден алынган түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жеткирип турабыз. Бардык шаарлардан, дыйканчылык кылган бардык жерлерден лебилер түшүмдүн ондон бир бөлүгүн алып турушат.