Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анан мен аларды карап чыгып, атактуу адамдарга, башчыларга жана элге: «Душмандан коркпогула. Улуу, коркунучтуу Теңириңерди эстегиле, өз бир туугандарыңар үчүн, өз уулдарыңар үчүн, өз кыздарыңар үчүн, өз аялдарыңар үчүн, өз жайыңар үчүн салгылашкыла», – деп айттым.