Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Алар Сага баш ийгиси келбей, Сенин аларга көрсөткөн керемет иштериңди эстеринен чыгарып, моюн сунбай, өздөрүнүн өжөрлүгү менен кайрадан кул болуш үчүн, өздөрүнө жол башчы коюп алышты. Бирок Сен кечиргенди сүйгөн, жакшы, боорукер, чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай болгондуктан, аларды таштаган жоксуң.