Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анан лебилер – Жешуя, Кадмиел, Бани, Хашабнея, Шейребия, Одия, Шебания, Петахия мындай дешти: «Тургула, өз Кудай-Теңириңерди кылымдан кылымга даңктагыла! Даңктоого татыктуу болгон, бардык мактоолордон жогору турган Сенин атың мактала берсин да, даңктала берсин!