Philippians 1:27 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Бирок Машайактын Жакшы Кабарына татыктуу жашагыла. Барып, силерди көрсөм да, силерден алыс жүрсөм да, силер тууралуу «Жакшы Кабар таратылышы үчүн бир ой, бир тилек менен бардык күч-аракетин жумшап жатышат» деген сөздү уккандай болоюн.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Бирок кандай болбосун, Машаяктын Жакшы Кабарына шайкеш жашагыла. Ошондо силер менен көрүшсөм да, көрүшпөй калсам да, ой-тилегиңер бир болуп, Жакшы Кабарга таянган ишенимиңер үчүн бир кишидей болуп күрөшкөнүңөрдү угам.