Revelation 4:8 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Төрт тирүү жандыктын ар биринин алтыдан канаты бар эле, ал эми алардын тула бою көзгө толо эле. Алар күнү-түнү тыным албастан: «Башынан бери эле бар болгон, азыр да бар болуп турган, келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир ыйык, ыйык, ыйык!» – деп жатышты.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Төртөөнүн тең алтыдан канаты болуп, дене бойлору толгон көздөр эле. Алар күнү-түнү тынбастан: — Мурда дагы бар болгон, Азыр дагы бар болуп, Боло турган түбөлүк Кудуреттүү Кудай Эге, Ыйык, ыйык, ыйык Ал, — деп жатышты.