Revelation 6:8 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Карасам, боз ат чыкты, аны минип тургандын ысымы «Өлүм» экен. Анын артынан өлгөндөр жаткан жай ээрчип алыптыр. Ага жердин төртүнчү бөлүгүн кылыч жана ачкачылык менен, жугуштуу оору жана жырткычтар менен өлтүрүүгө бийлик берилди.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Аңгыча күңүрт жашыл түстөгү бир атты көрдүм. Аны мингендин аты Ажал экен, о дүйнө артынан калбай такымдап ээрчип алыптыр. Аларга жер жүзүндөгүлөрдүн төрттөн бирин кылыч менен кырып, ачарчылыктан өлтүрүп, жугуштуу ооруга чалдыктырып, жырткычтарга жем кылып жок кыла ала тургандай кудурет берилди.