Revelation 8:3 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анан башка бир периште келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына турду. Анын колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү алтын чөйчөк бар экен. Ага көп жыпар жыттуу зат берилди. Анткени ал аны бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюшу керек эле.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Анан колуна алтын чөйчөк кармаган дагы бир периште келди да курмандык жайдын жанына турду. Чөйчөккө толтуруу үчүн ага абдан көп жыпар жыттуу заттар берилди. Ал муну бардык ыйыктардын сыйынуулары менен кошо тактынын алдындагы алтындан жасалган курмандык жайдын жанына тартуу кылмак.