Romans 16:19 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Силердин тил алчаактыгыңар баарына белгилүү. Ошондуктан мен силер үчүн кубанамын. Бирок мен силердин жакшы иштерди акылмандык менен кылышыңарды, жаман иштер менен булганбашыңарды каалаймын.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Эгебизге канчалык баш ийип жүргөнүңөр баарына белгилүү болду. Эми силерди ойлоп кубанып жатам. Бирок мен эмне жакшы экенин баамдаганыңарда акыл токтотуп, жамандыктан алыс болууңарды каалайм.