bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Thessalonians 3
2 Thessalonians 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
1
Бир туугандар, биз үчүн сыйынып тургула, силердегидей эле бизде да Кудайдын Сөзү таратылсын жана даңкталсын.
2
Адепсиз, жаман адамдардан кутулушубуз үчүн да сыйынгыла, анткени баарында эле ишеним жок.
3
Бирок Теңир ишенимдүү, Ал силерди бекемдейт жана амалкөйдөн сактайт.
4
Теңир жолунда силер тууралуу биздин мындай бекем ишенимибиз бар: силер биздин буйруктарыбызды аткарып жатасыңар жана аткарасыңар.
5
Теңир силердин жүрөгүңөрдү Кудайдын сүйүүсүнө жана Машайактын чыдамдуулугуна багыттасын.
6
Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буюрабыз: биздин силерге үйрөткөнүбүз боюнча эмес, оюна келгенин кылган ар бир бир туугандан алыс болгула.
7
Бизден кандай үлгү алуу керектигин билесиңер, анткени биз силердин араңарда жүргөнүбүздө, адепсиздик кылган эмеспиз.
8
Эч кимдин нанын бекер жеген эмеспиз, эч кимиңерге оорчулук келтирбеш үчүн, болгон күчүбүздү жумшап, күнү-түнү иштедик.
9
Укугубуздун жоктугунан эмес, силер бизди туурашыңар үчүн, силерге үлгү бололу деп ошенттик.
10
Анткени биз араңарда жүргөнүбүздө, силерге «Ким иштегиси келбесе, ал жебеши да керек» деген көрсөтмө бергенбиз.
11
Бирок силердин араңардан кээ бирөөлөр иштебей, болбогон иштер менен алек болуп, оюна келгенин кылып жатышканын угуп жатабыз.
12
Мындайларга Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буйрук кылабыз жана алардан өтүнөбүз: тынч иштеп, өз нанын таап жешсин.
13
Ал эми силер, бир туугандар, жакшылык кылуудан чарчабагыла.
14
Ушул каттагы сөздөрүбүзгө кулак салбаган адамга эскертүү бергиле жана уяткарыш үчүн, аны менен мамиле түзбөгүлө.
15
Бирок аны душман катары көрбөй, бир тууганыңар катары акыл айткыла.
16
Тынчтыктын булагы болгон Теңир Өзү силерге ар дайым бардык нерседе тынчтык берсин! Теңир баарыңар менен болсун!
17
Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам. Ар бир катымдагы белгим ушул. Мен ушундай жазам.
18
Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
All chapters:
1
2
3