bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Peter 5
1 Peter 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
1
Жыйын башчыларынын бири, Машайактын азап тартканына күбө болгон, айкын көрүнө турган даңкка ортоктош боло турган мен силердин Жыйын башчыларыңардан өтүнөмүн:
2
Кудайдын силерге тапшырган үйүрүн кайтаргыла. Аны аргасыздан эмес, чын көңүлдөн, Кудайга жаккандай, өзүңөрдүн керт башыңардын кызыкчылыгы үчүн эмес, ынталуулук менен,
3
энчиңердин үстүнөн үстөмдүк кылуу менен эмес, үйүргө үлгү болуу менен кайтаргыла.
4
Жыйын башчыларынын Башчысы келгенде, силер даңктын соолубас таажысын аласыңар.
5
Ошондой эле, жаштар, Жыйын башчыларына баш ийгиле. Бардыгыңар бири-бириңерге баш ийип, момун болгула. Анткени Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат.
6
Демек, Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула.
7
Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.
8
Эстүү жана сергек болгула. Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт.
9
Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула, дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандарыңар да силер сыяктуу эле азап тартып жатышканын билгиле.
10
Бизди Машайак Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкына чакырып алган жана ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап тартканыңардан кийин, силерди Өзү жеткилең, бекем, кайраттуу жана туруктуу кылат.
11
Бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.
12
Силерге жазган ушул кыска катымды мен ишенимдүү бир тууган деп эсептеген Сыласка жаздырдым. Бул катты силерге кайрат берүү үчүн, Кудайдын ырайымынын чындык экендигин күбөлөндүрүү үчүн жаздым. Силер ошол ырайым менен жашап жатасыңар.
13
Бабылдагы силер сыяктуу эле тандалган Жыйын жана уулум Марк силерге салам айтып жатышат.
14
Бири-бириңер менен өбүшүп саламдашкыла. Машайак Ыйсага ишенгендердин бардыгына тынчтык болсун. Оомийин.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
All chapters:
1
2
3
4
5