bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 John 1
2 John 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
1
Кудай тандап алган мырзайымга жана анын балдарына аксакалдан салам! Силерди мен чын жүрөктөн жакшы көрөм. Силерди мен эле эмес, чындыкты билгендердин баары жакшы көрүшөт.
2
Анткени ичибизде чындык бар жана ал чындык түбөлүккө биз менен болот.
3
Чындык жана сүйүү жолунда Кудай Ата жана Атанын Уулу Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!
4
Сенин балдарыңдын айрымдарынын Атабыздан алган осуят боюнча чындык жолунда жүргөнүн көрүп, мен аябай кубандым.
5
Мырзайым, мен сага жаңы осуят жазып жаткан жокмун, бул осуят бизде башынан эле бар. Ошондуктан сенден суранарым: баарыбыз бири-бирибизди сүйөлү.
6
Сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Ал – силер башынан бери угуп келе жаткан осуят. Силер ошол осуят боюнча жашашыңар керек.
7
Анткени бул дүйнөдө Ыйса Машайактын адам болуп келгендигин жокко чыгарган көптөгөн азгыруучулар пайда болду. Мындайлар – азгыруучулар жана Машайактын каршылаштары.
8
Эмгегибиз текке кетпей, сыйлыгыбызды толук алышыбыз үчүн, өзүңөргө сак болгула.
9
Машайактын окутуусунан четтеп, ошол окутуу боюнча жашабаган адамдын ичинде Кудай жок. Ал эми Машайактын окутуусу боюнча жашаган адамдын ичинде Ата да, Уул да бар.
10
Эгерде силерге келген адам Ыйсанын окутуусун үйрөтпөсө, аны үйүңөргө кабыл албагыла, аны менен саламдашпагыла.
11
Анткени аны менен саламдашкан адам анын жаман иштерине ортоктош болуп калат.
12
Силерге жаза турган нерсе көп, бирок анын баарын кагазга жазгым келген жок. Кубанычыңар артышы үчүн, силерге өзүм барып, бетме-бет отуруп сүйлөшкүм келет.
13
Кудай тандап алган эжеңдин балдары сага салам айтып жатышат. Оомийин.
Jump to:
Chapter 1
All chapters:
1