bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Timothy 1
2 Timothy 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 2 →
1
Машайак Ыйса аркылуу бериле турган өмүр жөнүндөгү убаданын негизинде, Кудайдын эрки менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан
2
сүйүктүү уулум Тиметейге салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Машайак Ыйса сага ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!
3
Ата-бабаларым сыяктуу эле, өзүм да таза абийир менен кызмат кылып жаткан Кудайга ыраазычылык билдирем. Күнү-түнү сыйынганымда, ар дайым сени эстейм.
4
Сени ушунчалык көргүм келет, көрсөм, кубанычым артар эле. Коштошкондогу көз жашың эсимде.
5
Сенин чыныгы ишенимиңди эсиме түшүрөм, мындай ишеним адегенде сенин таенең Лойис менен апаң Ойникеде бар эле, сенде да бар деп ишенем.
6
Ошондуктан сага эскерте кетейин: менин кол коюп сыйынуум аркылуу Кудайдан берилген жөндөмдүүлүгүңдү жалындат.
7
Анткени Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген.
8
Ошондуктан сен Теңирибиз Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүдөн жана Ал үчүн туткунга алынган менден уялбагын. Тескерисинче, Жакшы Кабар үчүн башыңа түшкөн кыйынчылыктарга Кудайдын күчү менен чыда.
9
Ал бизди иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн каалоосунун жана ырайымынын негизинде куткарды, ыйык чакыруусу менен чакырып алды. Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машайак Ыйса аркылуу көрсөтүлгөн.
10
Бирок бул ырайым азыр Куткаруучубуз Ыйса Машайактын келүүсү аркылуу ачыкка чыкты. Ал өлүмдү жеңип, Жакшы Кабар аркылуу өмүрдү жана өлбөстүктү жарыкка алып чыкты.
11
Мен ошол Жакшы Кабардын таратылышы үчүн насаатчы, элчи жана бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам.
12
Ошол себептен мен ушундай азап тартып жатам, бирок уялган жокмун. Анткени мен Кимге ишенип калганымды билем жана Ал Өзүнүн мага ишенип тапшырганын ошол Күнгө чейин сактарына ишенем.
13
Менден уккандарыңды туура сөздүн үлгүсү катары ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен сакта.
14
Сага ишенип тапшырылганды ичибизде жашаган Ыйык Рухтун жардамы менен сакта.
15
Асиялыктардын баары мени таштап кетишкенин сен билесиң. Алардын арасында Пигел менен Эрмоген да бар.
16
Теңир Онесепордун үй-бүлөсүнө ырайым кылсын, анткени ал мени көп жолу сооротту, менин кишенимден уялган жок.
17
Римде жүргөндө, ал бүт аракетин жумшап, мени издеп тапты.
18
Теңир ага ошол Күнү Теңирден ырайым таптырсын. Анын Эфесте кандай кызмат кылганын сен жакшы билесиң.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4