bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Colossians 2
Colossians 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 3 →
1
Силер үчүн, лаодикеялыктар үчүн жана мени көрбөгөндөрдүн бардыгы үчүн кандай күрөшүп жатканымды билишиңерди каалайм:
2
бул алардын жүрөгүн тынчтандырып, сүйүү менен бириктирсин. Кудай Атанын жана Машайактын сырын билүү үчүн, жеткилең түшүнүктүн бардык байлыгына ээ болушуңарды каалайм.
3
Машайакта акылмандыктын жана билимдин бүт кенчи жашырылган.
4
Мен муну силерге эч ким силерди бал тилге салып, алдап кетпеши үчүн айтып жатам.
5
Анткени өзүм араңарда болбосом да, рухум менен силердин араңардамын. Силердин Машайакка болгон ишенимиңердин бекемдигин жана тартибиңерди көрүп кубанып жатам.
6
Теңирибиз Машайак Ыйсаны кандай кабыл алсаңар, Анын ичинде ошондой жашай бергиле.
7
Өзүңөргө үйрөтүлгөндөй, Анын ичинде тамырлагыла, бекемделгиле, ишенимиңер бекемделсин, ыраазычылыгыңар артсын.
8
Сак болгула, бир туугандар: эч ким силерди адамдык окутууга жана дүйнөнүн түшүнүктөрүнө негизделген философия менен, жалган түшүнүктөр менен адаштырбасын, анткени булар Машайактын окутуусу эмес.
9
Анткени Машайакта Кудайдын табияты толугу менен жашайт,
10
Анын ичинде силер да толуктукка ээсиңер. Ал – бардык башчылыктын жана бийликтин башчысы.
11
Силер Машайактын ичинде сүннөткө отургузулгансыңар. Бул – адамдын колу менен кылынбаган, күнөөкөр табиятты чечип таштаган Машайактын сүннөтү.
12
Силер сууга чөмүлдүрүлгөндө, Аны менен бирге көргө коюлгансыңар, Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын күчүнө ишенүү аркылуу Аны менен бирге тирилдиңер.
13
Кылмыштарыңардын жана денеңердин сүннөткө отургузулбагандыгынын айынан өлүк болгон силерди да Кудай Аны менен бирге тирилтти, биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирди.
14
Ал бизди айыптаган көрсөтмөлөрдөн турган кол жазманы, бизге каршы жазылган кол жазманы, өчүрүп салды. Ал аны алардын арасынан алып, айкаш жыгачка кадоо менен четтетти.
15
Ал башчыларды жана бийликтегилерди куралсыздандырып, аларды ачык түрдө уятка калтырды, аларды айкаш жыгачта жеңип чыкты.
16
Ошондуктан эч ким силерди тамак үчүн, же суусундук үчүн, же кандайдыр бир майрам үчүн, же жаңырган ай үчүн, же ишемби күн үчүн айыптабасын.
17
Анткени булар – келечектегинин көлөкөсү, дене болсо Машайактыкы.
18
Эч ким силерди жалган момундугу жана периштелерге табынуусу менен азгырбасын. Мындай адамдар өздөрү көрбөгөн нерселерге кызыгышат, Баш менен бирикпей, өздөрүнүн адамдык акылы менен курулай эле текеберденишет.
19
Бүт дене болсо муундар жана булчуңдар аркылуу Баш менен биригет да, бекемделип, Кудай берген өсүш менен өсөт.
20
Эгерде силер дүйнөнүн табигый негиздери үчүн Машайак менен бирге өлсөңөр, анда эмне үчүн бул дүйнөдө жашоочулар сыяктуу:
21
«Муну кармаба», «Аны жебе», «Буга тийбе» деген сыяктуу эрежелерди сактап жатасыңар?
22
Мунун бардыгы пайдаланылып жок боло турган нерселерге тиешелүү. Бул эрежелердин бардыгы – адамдардын буйруктары жана окутуусу.
23
Өз алдынча динчилдик, момундук жана денени кыйноо акылмандык болуп көрүнгөнү менен, күнөөкөр табиятты гана канааттандырат.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4