bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Daniel 8
Daniel 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 9 →
1
Белшатсардын падышачылыгынын үчүнчү жылында мен, Даниел, мурунку көрүнүштөн башка көрүнүш көрдүм.
2
Мен ал көрүнүштү көрүп жатканда, Эйлам дубанындагы борбор шаар Шушанда элем, мен ал көрүнүштө Улай дарыясынын жээгинде жүрүптүрмүн.
3
Башымды көтөрүп, дарыянын жээгинде бир кочкор турганын көрдүм. Анын эки мүйүзү бар экен, эки мүйүзү тең узун экен, бирок бир мүйүзү экинчисинен узунураак экен, узуну кыскасынан кийин көтөрүлдү.
4
Мен ал кочкордун батышты, түндүктү, түштүктү сүзгүлөп жатканын көрдүм, эч бир жырткыч ага каршы тура алган жок, андан эч ким кутула алган жок. Ал эмнени кааласа, ошону кылып жатты, текеберденип турду.
5
Мен муну көңүл коюп карап турдум, ошондо батыштан бир теке бүт жер жүзүн ээлеп келе жатты, бирок буту жерге тийген жок. Ал текенин көздөрүнүн ортосунда бир чоң мүйүзү бар экен.
6
Ал мен дарыянын жээгинде турганда көргөн эки мүйүздүү кочкордун жанына келип, ага катуу каары менен атырылды.
7
Мен анын кочкорго жакын келип, ага аябай каарданып, аны сүзүп, эки мүйүзүн сындырганын көрдүм. Ага туруштук бергенге кочкордун күчү жеткен жок, теке аны жерге кулатып, тебелеп салды, кочкорду андан куткарып алганга эч ким чыккан жок.
8
Ошондо теке аябай күчкө толду, бирок күчүнө киргенде, чоң мүйүзү сынып, анын ордуна асмандын төрт шамалын караган төрт мүйүз чыкты.
9
Алардын биринен түштүктү, чыгышты жана эң сонун өлкөнү карай аябай өскөн, анча чоң эмес бир мүйүз өсүп чыкты.
10
Ал асман кошуунуна чейин көтөрүлүп, ошол кошуундун жана жылдыздардын бир бөлүгүн жерге кулатып, тебелеп-тепсеп салды.
11
Ал турсун, ал ошол кошуундун Жол башчысына чейин көтөрүлдү. Андан күн сайын чалынуучу курмандык тартылып алынды, Анын ыйык жайы турган жер булганды.
12
Асман кошууну мыйзамсыздык үчүн күн сайын чалынуучу курмандык менен бирге анын колуна салынып берилди. Ал чындыкты жерге кулатып, ар кандай иш-аракеттерди кылып, ийгиликке ээ болуп жатты.
13
Ошондо мен бир ыйыктын сүйлөп жатканын уктум. Ал ыйык «Ыйык жай менен кошуундардын тебеленип-тепселенүүсү жөнүндөгү, күн сайын чалынуучу курмандык жөнүндөгү жана ээн калтыруучу мыйзамсыздык жөнүндөгү бул көрүнүш канча убакытка созулат?» деген суроо берген бирөөгө мындай деп жооп берди:
14
Ал мага: «Бул эки миң үч жүз кечке жана таңга созулат, ошондон кийин ыйык жай тазаланат», – деди.
15
Анан мындай болду: мен, Даниел, бул көрүнүштү көрүп, анын маанисин издеп жатканымда, менин алдыма адамга окшош бирөө туруп калды.
16
Анан мен Улай дарыясынын ортосунан адамдын үнүн уктум, ал: «Жебирейил! Ага бул көрүнүштүн маанисин түшүндүрүп бер», – деди.
17
Ошондо ал мен турган жерге келди, ал келгенде, мен коркуп кетип, жүзтөмөндөп жыгылдым, ал мага: «Адам уулу, бул көрүнүш акыркы мезгилге таандык экенин билип ал», – деди.
18
Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, мен эч нерсе сезбей, жерде жүзтөмөндөп жаттым. Бирок ал мага колун тийгизип, мени кайра ордума тургузуп, мындай деди:
19
«Мына, мен сага каар төгүлгөн күндөрдүн акыркы күндөрүндө эмне болорун билдирип жатам, анткени бул белгиленген мезгилдин акырына тиешелүү.
20
Сен көргөн эки мүйүздүү кочкор – Мадай жана Персия падышалары.
21
Ал эми түктүү теке – Грециянын падышасы, анын эки көзүнүн ортосундагы чоң мүйүз болсо – анын биринчи падышасы.
22
Анын сынганы, анын ордуна башка төрт мүйүз чыкканы бул элден төрт падышачылык чыгарын, бирок ал падышанын күчү менен эмес экенин билдирет.
23
Алардын падышачылыгынын акырында, мыйзамсыздар өздөрүнүн мыйзамсыздыктарынын чегине жеткенде, абийирсиз, өтө айлакер падыша келет.
24
Анын күчү бекемделет, бирок өз күчү менен эмес. Ал таң каларлык кыйратуу иштерин жүргүзөт, ийгиликке жетет, ар кандай иш-аракеттерди кылат, күчтүүлөрдү жана ыйык элди кырат.
25
Ал акылы менен, эки жүздүүлүгү менен ийгиликке ээ болот, ал жүрөгүндө көтөрүлөт, тынчтык өкүм сүрүп турганда, көптөрдү өлтүрөт, эгедерлердин Эгедерине каршы көтөрүлөт. Бирок ал колдун жардамысыз кыйратылат.
26
Кеч менен таң жөнүндө айтылган көрүнүш чындык, бирок сен бул көрүнүштү ичиңе сакта, анткени ал акыркы күндөргө тиешелүү».
27
Ошондо мен, Даниел, алсырап, бир нече күн оорудум. Андан кийин туруп, падышанын иштерин аткара баштадым. Мен бул көрүнүшкө таң калдым, аны түшүнгөн жокмун.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12