bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ephesians 2
Ephesians 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 3 →
1
Кылмыштарыңардын жана күнөөлөрүңөрдүн айынан өлгөн силер
2
бир кезде бул дүйнөнүн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан төрөнүн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун каалоосу боюнча жашачусуңар.
3
Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз,
4
бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен
5
кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машайак менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар),
6
бизди Машайак менен бирге тирилтип, Машайак Ыйса аркылуу асманга отургузду.
7
Кудай муну Машайак Ыйса аркылуу бизге көрсөткөн жакшылыгын жана Өз ырайымынын ченемсиз молдугун келечек кылымдарда көрсөтүш үчүн жасады.
8
Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги.
9
Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес.
10
Анткени бизди Ал жараткан, Кудай алдын ала белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз.
11
Ошондуктан эстегилечи, бутпарас болуп төрөлгөн силер бир кезде кол менен сүннөткө отургузулгандар тарабынан «сүннөтсүздөр» деп аталчусуңар.
12
Ошол мезгилде силер Машайаксыз элеңер, Ысрайыл коомчулугунан четтетилгендер элеңер, келишимдердин негизинде берилген убадаларга чоочун элеңер, бул дүйнөдө үмүтсүз жана кудайсыз элеңер.
13
Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыңар.
14
Анткени Машайак биздин тынчтыгыбыз, Ал экөөнөн бирди жаратып, аларды бөлүп туруучу тосмону талкалады,
15
душмандыкты Өз Денеси менен, осуяттардан турган мыйзамды окутуусу менен жок кылды. Муну Ал тынчтык орнотуп, экөөнөн Өзүнө бир жаңы адамды жаратыш үчүн,
16
душмандыкты айкаш жыгачта жок кылып, айкаш жыгач аркылуу экөөнү бир Денеде Кудай менен элдештириш үчүн кылды.
17
Ошентип, Ал келип, алыс болгон силерге жана жакын болгон аларга тынчтыкты жар салды.
18
Анткени Ал аркылуу биз – алыс жана жакын болгондор бир Рух менен Атага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз.
19
Демек, силер эми чоочундар жана келгиндер эмессиңер, ыйыктардын мекендештерисиңер жана Кудайдын Өз элисиңер,
20
силер элчилер менен пайгамбарлардын пайдубалынын үстүнө курулгандарсыңар, ал эми бурчка коюлуучу негизги таш – Ыйса Машайак Өзү.
21
Ошол Таштын үстүнө кыналып курулуп жаткан бүт имарат Теңирдин ыйык ийбадатканасы болуу үчүн бийиктеп келе жатат.
22
Кудайдын турак жайы болуу үчүн, силер да Рух аркылуу ошол Таштын үстүнө курулуп жатасыңар.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6