bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezra 3
Ezra 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 4 →
1
Жетинчи ай болгондо, бүт Ысрайыл уулдары шаарларынан Иерусалимге келишти, алар бир кишидей чогулушту.
2
Жотсадактын уулу Жешуя, анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандары, Шалтиел уулу Зоробабыл, анын бир туугандары ордунан турушту да, Кудайдын кулу Мусанын мыйзамында жазылгандай, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык алып келиш үчүн, Ысрайыл Кудайына арнап курмандык чалынуучу жай курушту.
3
Алар башка элдерден корккондуктан, курмандык чалынуучу жайды мурунку ордуна курушту да, Кудайга арнап ар күнү эртең менен жана кечинде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып турушту.
4
Алар мыйзам боюнча Алачык майрамын өткөрүшүп, дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты ар бир күндүн мыйзамы боюнча белгиленген санда чалып турушту.
5
Ошондон кийин Теңирге арналган бардык майрамдарда, ай жаңырганда дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп турушту, ар ким өз ыктыяры менен Теңирге арнап тартууларын берип турушту.
6
Жетинчи айдын биринчи эле күнүнөн баштап Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды өрттөй башташты. Бирок Теңирдин ийбадатканасынын пайдубалы коюла элек болчу.
7
Алар таш сомдоочуларга, жыгач усталарга күмүш берип турушту. Ошондой эле кедр жыгачын Персия падышасы Корештин уруксаты менен Лебанондон деңиз аркылуу Жапага жеткирип туруш үчүн, сидондуктар менен тирликтерге тамак, суусундук, май берип турушту.
8
Алар Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө келгенине эки жыл, эки ай болгондо, Шалтиел уулу Зоробабыл менен Жотсадак уулу Жешуя жана алардын бөлөк бир туугандары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, Иерусалимге кайтып келген бардык туткундар курулушту башташты. Кудайдын үйүндөгү жумуштарга көзөмөл кылыш үчүн, жыйырма жана андан жогорку жаштагы лебилерди коюшту.
9
Жүйүт тукуму болгон Жешуя менен анын уулдары, бир туугандары, Кадмиел менен анын уулдары Кудайдын үйүн куруп жаткандарга бир кишидей башчылык кылып турушту, ошондой эле Хейнадаттын уулдары, алардын уулдары менен бир туугандары, лебилер, кошо турушту.
10
Куруучулар ийбадаткананын пайдубалын тургузуп бүткөндөн кийин, ыйык кийимдерин кийген ыйык кызмат кылуучуларды сурнайлары менен, Асаптын уулдарын, лебилерди жез табактары менен Ысрайыл падышасы Дөөттүн көрсөтмөсү боюнча Теңирди даңкташ үчүн коюшту.
11
Ошондо алар кезектешип: «Теңирди мактагыла, даңктагыла, анткени Ал ырайымдуу, Анын Ысрайыл элине болгон ырайымы түбөлүктүү», – деп ырдай башташты. Бүт эл да ийбадаткананын пайдубалы коюлганы үчүн, Теңирди даңктап кыйкырып жатты.
12
Ошондо мурдагы ийбадаткананы көргөн ыйык кызмат кылуучулардын, лебилердин, уруу башчылардын, карыялардын көпчүлүгү өздөрүнүн көз алдында курулуп жаткан ийбадаткананын азыркы пайдубалын көрүп, катуу ыйлашты. Кээ бирөөлөр кубанганынан жер жаңырта кыйкырып жатышты.
13
Ошондо эл кубанычтын кыйкырыгы менен ый өкүрүгүн ажырата албай калды. Анткени эл жер жаңырта кыйкырып, алардын үнү алыска угулуп жатты.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10