bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Galatians 6
Galatians 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
1
Бир туугандар, кандайдыр бир күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла, бирок өзүңөр да азгырылып кетпеш үчүн, сак болгула.
2
Бири-бириңердин кыйынчылыгыңарды көтөргүлө, ошентип, Машайактын мыйзамын аткарасыңар.
3
Анткени, эгерде кимдир бирөө чынында эч ким эмес болуп туруп, өзүн жогору бааласа, ал өзүн өзү алдайт.
4
Ар ким өзүнүн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого ээ болот,
5
анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт.
6
Насаат алып жаткан адам колунда болгон нерсесин өзүнүн насаатчысы менен бөлүшсүн.
7
Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот.
8
Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат.
9
Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз.
10
Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы.
11
Карагылачы, мен өз колум менен, чоң тамгалар менен жазып жатам.
12
Адамдык табияты боюнча беделдүү болгусу келгендердин бардыгы Машайактын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоолору үчүн гана силерди сүннөткө отурууга мажбур кылып жатышат.
13
Анткени сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да мыйзамды аткарышпайт, бирок алар силердин денеңер менен мактаныш үчүн, силердин сүннөткө отургузулушуңарды каалап жатышат.
14
Мен болсо Теңирибиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Мен бул дүйнө үчүн, бул дүйнө мен үчүн айкаш жыгачка кадалган.
15
Анткени Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу же сүннөткө отургузулбоо маанилүү эмес, жаңы адам маанилүү.
16
Ушул эреже боюнча жашагандардын бардыгына жана Кудайдын Ысрайыл элине Кудай тынчтыгын берип, ырайымын төгө берсин!
17
Мындан ары эч ким мага кыйынчылык келтирбесин, анткени мен Теңир Ыйсанын жараатын өзүмдүн денемде алып жүрөм.
18
Бир туугандар, биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силердин рухуңар менен бирге болсун! Оомийин!
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
All chapters:
1
2
3
4
5
6