bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Joel 3
Joel 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
1
Анткени мына, ошол күндөрдө жана дал ошол мезгилде, Жүйүт менен Иерусалимдин туткундарын кайра алып келгенде,
2
Мен бардык элдерди чогултам, аларды Жошапаттын өрөөнүнө алып келем. Менин элимди, Менин мурасым Ысрайылды, башка элдердин арасына чачыратып жиберишкени үчүн, Менин жеримди бөлүп алышканы үчүн, ошол жерде Мен аларды сотттойм.
3
Алар Менин элим үчүн өкчөмө таш ыргытышты, уландарды берип, бузулган аялдарды сатып алышты, кыздарды сатып, шарап алып ичишти.
4
Тир, Сидон, Пелиштинин бүт аймагы, силерге Менден эмне керек? Мени жазалагыңар келеби? Менден өч алгыңар келеби? Мен силердин жазаңарды оңой эле, тез эле өз башыңарга салам,
5
анткени силер Менин күмүшүмдү, Менин алтынымды алдыңар, Менин эң кымбат асыл буюмдарымды бутканаларыңарга киргизип алдыңар.
6
Жүйүт жана Иерусалим уулдарын өз жеринен алыстатыш үчүн, эллин уулдарына саттыңар.
7
Мына, силер аларды кайсы жерге сатып жиберсеңер, Мен аларды ошол жерден алып чыгам, аларга кылганыңарды өз башыңарга салам.
8
Уулдарыңар менен кыздарыңарды Жүйүт уулдарынын колуна салып берем, Жүйүт уулдары аларды алыста жашаган Шеба элине сатып жиберишет. Теңир ушинтип айтты.
9
Муну элдер арасында жар салгыла, согушка даярдангыла, эр жүрөк жоокерлерди козгогула. Бүт аскерлер көтөрүлүп, согушка чыгышсын.
10
Соколоруңарды кылыч кылып, орокторуңарды найза кылып кайра согуп чыккыла. Алсыз “Мен күчтүүмүн!”» десин.
11
Тездегиле, келгиле, тегеректеги бардык элдер, чогулгула. Теңир, Өз баатырларыңды ошол жерге баштап бар.
12
«Бардык элдер көтөрүлүп, Жошапаттын өрөөнүнө түшүшсүн, анткени ар тараптан келген бардык элдерди соттош үчүн, Мен ошол жерде отурам.
13
Орогуңарды алып, оро баштагыла, анткени түшүм жыйноо убагы келди. Келгиле, тебелегиле, анткени жүзүм сыгылуучу жай толду, шарап куйган идиштер ашып-ташып турат, анткени алардын жаман иштери көп.
14
Калың эл, сот боло турган өрөөндө калың эл! Анткени сот боло турган өрөөнгө Теңирдин күнү жакын!
15
Күн менен ай күңүрттөнөт, жылдыздар өз жарыгын жоготушат».
16
Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден үн салат. Асман менен жер солкулдайт. Бирок Теңир Өз элине коргонуч болот, Ысрайыл уулдарына калканыч болот.
17
«Ошондо Өзүмдүн ыйык тоом Сиондо жашаган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер. Иерусалим ыйык жай болот, ошондон кийин ал аркылуу бөтөн уруулар өтүшпөйт.
18
Ошол күнү тоолордон шарап тамат, адырлардан сүт агат, Жүйүттүн бардык сайлары сууга толот, ал эми Теңир үйүнөн булак суусу агып чыгып, Шитим өрөөнүн сугарат.
19
Мисир чөлгө айланат, Эдом ээн талаага айланат, анткени алар Жүйүт уулдарын кысымга алышкан, алардын жеринде жазыксыз кан төгүшкөн.
20
Жүйүт болсо түбөлүк жашайт, Иерусалим кылымдан кылымга жашайт.
21
Мен алардын каны үчүн буга чейин албаган өчүмдү алам, анткени Теңир Сиондо жашайт».
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
All chapters:
1
2
3