bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jonah 2
Jonah 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 3 →
1
Теңир бир чоң балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды. Жунус ал чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болду.
2
Жунус чоң балыктын ичинен өз Кудай-Теңирине сыйынды.
3
Ал мындай деди: «Кайгы тартканымда, Теңирди чакырдым, ошондо Ал мага жооп берди. Мен өлгөндөр жаткан жайдын ичинен ыйладым, ошондо Сен менин үнүмдү уктуң.
4
Сен мени деңиздин тереңине, деңиздин ортосуна ыргыттың, мени суу курчады, Сенин бүт иримдериң менен толкундарың менин үстүмдөн өттү.
5
Ошондо мен: “Сенин көз алдыңдан четке кагылдым, бирок Сенин ыйык үйүңдү мен кайрадан көрөм”, – дедим.
6
Мени суу курчап, жаныма коркунуч туулду, мени туңгуюк кучагына алды, башыма деңиз чөптөрү оролду.
7
Мен тоолордун түбүнө чейин түштүм, жер мени өзүнүн кулпулары менен түбөлүккө бекитти. Бирок, Сен, менин Кудай-Теңирим, менин жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың.
8
Жаным алсырап калганда, Теңирди эстедим, менин сыйынуум Сага, Сенин ыйык ийбадатканаңа жетти.
9
Эч нерсеге арзыбаган жалган кудайларды урматтагандар өздөрүнүн боорукер Кудайын таштап коюшту.
10
Мен болсо Сага ыраазычылык билдирип, ооз курмандыгын алып келем. Эмнени убада кылсам, аткарам. Куткарылуу Теңирде!»
11
Ошондо Теңир чоң балыкка буйрук кылды, ал Жунусту кургактыкка бүркүп чыгарды.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4