bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Malachi 2
Malachi 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 3 →
1
Ошондуктан бул осуят силер үчүн, ыйык кызмат кылуучулар:
2
Эгерде силер тил албасаңар. Менин ысымымды даңктоону жүрөгүңөргө кабыл албасаңар, - дейт Себайот Теңир, -анда Мен силерге каргыш жиберем, силердин батаңарды каргышка айландырам. азыр эле каргай баштадым, анткени силер буга жүрөгүңөрдү бургуңар келбей жатат.
3
Мына, Мен силердин тукумуңарды каргайм, бетиңерге кык чачам, бетиңерге майрамдарда чалган курмандыктарыңардын кыгын чачам, силерди ошолор менен кошо ыргытышат.
4
Мен бул осуятты силерге Өзүмдүн Леби менен түзгөн келишимимди сакташ үчүн бергенимди ошондо билесиңер, - дейт Себайот Теңир.
5
Менин аны менен түзгөн келишимим өмүр жана тынчтык келишими эле. Мен аны ага Менден коркуп жүрсүн деп бергем. Ал Менден коркчу. Менин ысымымдын алдында титиреп турчу.
6
Чындыктын мыйзамы анын оозунда эле, анын тилинде жалганчылык болгон эмес. Ал Мени менен тынчтык жана чындык жолунда жүрдү, көп адамдарды күнөөдөн бурду.
7
Анткени ыйык кызмат кылуучунун оозу билимди сакташ керек, мыйзамды анын оозунан издешет, анткени ал - Себайот Теңирдин кабарчысы.
8
Бирок силер жолдон чыгып кеттиңер, мыйзамды үйрөтүүдө көп адамдарды адаштырдыңар. Леби менен түзүлгөн келишимди буздуңар. - дейт Себайот Теңир.
9
Ошондуктан Мен да силерди бардык элдердин алдында жек көрүндү, кемсинтилген эл кылам, анткени силер Менин жолдорумду сактабай жатасыңар, мыйзам иштеринде бет карамалык кылып жатасыңар".
10
Бардыгыбыздын Атабыз бир эмеспи? Бардыгыбызды бир эле Кудай жараткан эмеспи? Анда эмне үчүн ата-бабаларыбыздын келишимин бузуп, бири-бирибизге ишенимсиз болуп жатабыз?
11
Жүйүт ишенимсиздик кылып жатат, Ысрайыл менен Иерусалимде жийиркеничтүү иштер болуп жатат. Анткени Жүйүт өзү сүйгөн ыйык мыйзамды - Теңирдин мыйзамын бузду, чоочун кудайдын кызына үйлөндү.
12
Жакыптын чатырларынан ушундай кылган адамды, ал сакчы болобу, жооп берүүчү адам болобу, Себайот Теңирге курмандык чалуучу адам болобу, Теңир жок кылат.
13
Силер муну да кылып жатасыңар: Теңирдин курмандык чалынуучу жайына ый жана зар-муң менен көз жаш төгүп жатасыңар, бирок Ал мындан ары тартууңарды карабайт, силердин колуңардан курмандыктарды кабыл албайт.
14
Силер: "Эмне үчүн?" - деп сурап жатасыңар. Анткени жаш чагыңда алган аялын экөөңөрдүн ортоңордо Теңир күбө болгон, ал сенин өмүрлүк жолдошуң жана никелүү аялың болгонуна карабастан, сен ага ишенимсиздик кылдың.
15
Бирок ичинде өзгөчө руху бар бир адам ушундай кылган эмес беле? Ал адам эмне кылды эле? Ал Кудайдан тукум алууну каалаган. Ошондуктан рухуңарды сактагыла, эч кимиңер жаш чагыңарда алган аялыңарга ишенимсиздик кылбагыла.
16
"Ким аны жек көрүп, кетирип жиберсе, - дейт Ысрайылдын Кудай-Теңири. - ал өзүнүн кийимин булгайт, - дейт Себайот Теңир. Ошондуктан өз рухуңарды сактагыла жана ишенимсиздик кылбагыла.
17
Силер Теңирди сөзүңөр менен каардантып жатасыңар да, анан: "Биз Аны эмне кылып каардантып жатабыз?" - дейсиңер. Силер Аны "Мыйзамсыздык кылган ар бир адам Теңирдин көз алдында жакшы, Ага ушундайлар жагат", же болбосо "Акыйкат Кудай кана?" дегениңер менен каардантып жатасыңар.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4