bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Titus 3
Titus 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
1
Ишенгендерге эскерт: алар башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийишсин, тил алышсын жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болушсун,
2
эч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын.
3
Анткени биз да бир кезде акылсыз, баш ийбес, адашкан, кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу болгон, жамандык, көрө албастык кылып жашаган, жек көрүндү, бири-бирибизди жек көргөн адамдар элек.
4
Бирок Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы жана адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо,
5
Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды.
6
Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, үмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн,
7
Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү.
8
Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу.
9
Акылсыз уруш-талаштардан жана ата-текти териштирүүдөн, мыйзам тууралуу талашып-тартышып чатакташуудан кач, анткени мунун бардыгы пайдасыз жана маанисиз.
10
Бир же эки жолу эскерткенден кийин, бөлүп-жаруучу адамдардан четтегин.
11
Анткени сен мындай адамдын бузулганын, күнөө кылып жатканын, ошентүү менен өзүн өзү айыптуу кылып жатканын билесиң.
12
Мен сага Артемасты жана Тихикти жиберем. Алар баргандан кийин, сен мага, Никополго келүүгө аракет кыл, анткени мен кышты ошол жерден өткөрүүнү чечтим.
13
Мыйзам окутуучу Зенас менен Аполосту жолго чыгарарыңда, алар үчүн кам көр, эч нерсеге муктаж болбогудай болушсун.
14
Жемишсиз болуп калбаш үчүн, биздикилер да жакшы иштерди кылууга көнүгө беришсин, керек болгон учурда башкалардын муктаждыктарын канааттандыргыдай болушсун.
15
Жанымдагылардын бардыгы сага салам айтып жатышат. Ишеним жолунда бизди сүйгөндөрдүн бардыгына салам айт. Кудай бардыгыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
All chapters:
1
2
3