bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
John 17
John 17
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 18 →
1
Ыйса ушуну айтып бүткөндөн кийин, көккө карап туруп мындай деди: — Оо, Ата, убакыт-саатым келип калды. Уулуң Сенин улуулугуңду көрсөтө алсын үчүн Аны улуулукка бөлөй көр.
2
Себеби Ага берген адамдарыңдын баарына түбөлүк өмүр берсин деп, бардык адамзаттын үстүнөн болгон бийликти Анын колуна өткөзүп бердиң.
3
Түбөлүк өмүр бул — бирден бир чыныгы Кудай болгон Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машаякты таануу.
4
Мага тапшырган ишиңди аяктап, жерде улуулугуңду көрсөттүм.
5
Дүйнө жаратыла электе жаныңда жүрүп, улуулукка бөлөнгөн элем. Оо, Атаке, эми да, жаныңда болгонумда, ошол улуулугуңа кайрадан бөлөй көр.
6
Бул дүйнөдөн тандап берген адамдарыңа Мен Өзүңдү тааныттым. Алар Сага таандык эле, Мага бердиң. Алар Сенин сөзүңдү көкүрөктөрүнө түйүп алышты.
7
Мага тапшырганыңдын баары тең Сенден чыкканына эми алардын көздөрү жетти.
8
Себеби Мен Сенин сөзүңдү жеткиздим эле, алар кабыл алышты. Сенден келгенимди чындап түшүнүп, Мени Өзүң жибергениңе ишеништи.
9
Бул дүйнө үчүн эмес, Өзүң Мага табыштаган адамдар үчүн өтүнүп жатам. Себеби алар Сага таандык.
10
Мендегинин баары Сеники, Сендегинин баары Меники эмеспи. Ошол себептүү алар аркылуу Мен улуулукка бөлөндүм.
11
Мындан ары Мен жерде калбай, Сага бара жатам, бирок алар жерде калышат. Оо, ыйык Ата! Өзүң Мага берген ысмың аларга калканыч болсун! Биз сыяктуу алар да бир болушсун.
12
Араларында жүргөнүмдө, Мага берген ысмыңдын кудурети менен аларды коргоп, аман сактап жүрдүм. Шору куруй турган бир адамдан башка бирин жоготкон жокмун. Ыйык Жазууда айтылган ошол адамдын кылчу иши ушундайча ордунан чыкмак.
13
Эми болсо Өзүңө бара жатам. Бирок Менин кубанычым толугу менен аларда болсун деп, бул сөздөрүмдү азырынча, жерде экенимде айтып турам.
14
Аларга Сенин сөзүңдү жеткиздим. Мага окшоп, алар да бул дүйнөгө караштуу эмес, ошондуктан дүйнө аларды жек көрүп калды.
15
Аларды бул дүйнөдөн алып чык деген жерим жок, азгыруучудан сактай көр деп гана сурап турам.
16
Булар да Мен сыяктуу бул дүйнөгө караштуу эмес.
17
Аларды акыйкатың менен Өзүңө багыштап, ыйык кыл. Сенин сөздөрүң — акыйкат.
18
Сен бул дүйнөгө Мени жөнөткөндөй, Мен да аларды бул дүйнөгө жөнөттүм.
19
Сага өздөрүн чындап багыштасын деп, алар үчүн Сага Мен Өзүмдү багыштайм.
20
Менин жанымдагы шакирттерим үчүн гана эмес, алардын айткандары аркылуу Мага ишенип кала турган бардык адамдар үчүн да өтүнүп турам.
21
Оо, Атаке! Мени Сен жибергениңе адамзаттын ишенүүсү үчүн, Сенин Мени менен, ал эми Менин Сени менен тыгыз байланышта турганыбыздай ишенүүчүлөр да экөөбүз менен тыгыз байланышта туруп, баары тең бир болушса экен.
22
Алар да биз сыяктуу бир болсун деп, Мага берген улуулугуңду аларга бердим.
23
Мен булар менен, Сен болсо Мени менен тыгыз байланыштасың. Мени Сен жибергендигиңе, Мени кандай жакшы көрсөң, аларды да ошондой жакшы көрөрүңө адамзаттын көзү жетсин үчүн Мага ишенүүчүлөр ушундай толук биримдикке жетишсин.
24
Атаке, Мага тапшырган адамдарыңдын Мен болчу жерде болушун каалайм. Сени жакшы көргөндүгүмдөн аалам жарала электе эле Мага улуулукту тартуулаган элең. Ошол улуулукту алар да көрүшсө экен.
25
Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү Сени таанышпайт, бирок Мен тааныйм. Мени Сен жибергениңе шакирттеримдин да көздөрү жетти.
26
Мен аларга ким экениңди ачып берип, мындан ары да ача бермекчимин. Ылайым Мага деген мээримиң алардын ичинде болсун, Мен да алардын жүрөгүнөн орун алайын.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21