bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Mark 2
Mark 2
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 3 →
1
Арадан бир аз күндөр өтүп, Ыйса кайрадан Капарноомго келди да, Анын үйдө экени баарына маалым болду.
2
Көптөгөн эл жыйылып, эшигинин алдында бут коёрго жер калбады. Ыйса болсо аларга Кудайдын сөзүнөн таалим бере баштады.
3
Шал оорулууну көтөрүп келишкен төрт адам
4
элдин көптүгүнөн Ыйсага жакындай албай, Ал турган бөлмөнүн үстүн ачып, төбөсүн тешишти да, оорулууну төшөнчүсү менен кошо төмөн түшүрүштү.
5
Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулуу адамга: — Балам, сенин күнөөлөрүң кечирилди! — деди.
6
Ошол жерде олтурушкан дин мугалимдеринин кээ бирөөлөрү ичинен:
7
«Мынабу эмне деп жатат! Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат!» — дешти.
8
Алардын бул оюн дароо туя койгон Ыйса мындай деди: — Силер эмне үчүн мындай ойлоп жатасыңар?
9
«Күнөөлөрүң кечирилди!» деген жеңилби же «Тур, төшөгүңдү ал да бас!» дегенби?
10
Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетиндеги күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар! Анан шал кишиге:
11
— Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө жөнө! — деди.
12
Шал оорулуу киши ошол замат тура калып, төшөгүн алды да, баарынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Баары жакаларын кармашып: — Ой, тобо, эч качан мындай нерсени көргөн эмес элек! — деп, Кудайды даңкташты.
13
Ыйса кайрадан Галилея көлүнүн жээгине барды. Ошол жерге келген элдин баарына таалим берди.
14
Өтүп баратып, салык жыйноочу жайда олтурган Алпейдин уулу Лебини көрдү да ага: — Менин жолума түш, — деди. Леби ордунан туруп, Ыйсаны ээрчип жөнөдү.
15
Кийинчерээк Ыйса шакирттери менен бирге Лебинин үйүндө конок болуп, дасторкондун чекесинде жамбаштап жатты. Ыйсанын артынан ээрчип жүргөн көп салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр да Аны менен бир дасторкондон тамак жеп жатышты.
16
Ыйсанын салыкчылар жана күнөөкөрлөр деп четке кагылган адамдар менен бирге олтуруп тамак жеп олтурганын көрүшкөн фарисей тобундагы дин мугалимдери Анын шакирттерине: — Эй, эмне үчүн бул салыкчылар менен күнөөкөрлөргө кошулуп, бир дасторкондон тамак жейт? — дешти.
17
Муну уккан Ыйса: — Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.
18
Жакыянын шакирттери жана фарисейлер орозо тутуп жүрүшкөн. Ошондуктан кээ бир кишилер Ыйсага келишип: — Жакыянын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери орозо тутушат, а эмне үчүн сенин шакирттериң тутушпайт? — дешти.
19
Ыйса аларга мындай жооп берди: — Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар орозо тутушабы? Күйөө бала араларында турган кезде, аларга орозо тутууга болбойт!
20
Алардын арасынан күйөө бала алына турган күндөр келет, алар орозону ошондо тутушат.
21
Жаңы кийимден алынган жамаачыны эски кийимге эч ким жамабайт, анткени жаңы жамаачы эски кийимди айрып, жыртыгын мурдагысынан да чоң кылып коёт.
22
Эч ким жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек.
23
Дем алыш күндөрүнүн биринде Ыйсага эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Жолдо баратканда, шакирттери эгиндин баштарын жула башташты.
24
Муну көргөн фарисейлер Ыйсага: — Карачы, эмне үчүн шакирттериң дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! — дешти.
25
Ыйса аларга: — Өзүнүн жана жанындагы адамдардын карды ачып, бир нерсе жегенге зар болуп турганда, Дөөттүн эмне кылганын силер окуган жок белеңер?
26
Ал Абыятар башкы динкызматчы болуп турганда, Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон,— деди.
27
Ыйса сөзүн мындайча аяктады: — Адам дем алыш күнү үчүн эмес, тескерисинче, дем алыш адам үчүн жаратылган!
28
Андыктан Адам Уулу дем алыш күнүнүн да ээси.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
Recommended Reading
Commentary
Mark Commentaries
→
Devotional
Mark Devotional Guide
→
Get This Bible
2005 Study Bible
→