bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Romans 13
Romans 13
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
1
Ар бир адам колунда бийлиги барларга баш ийүүгө тийиш, себеби бардык бийлик Кудайдан келип, бар болгон бийликтерди Ал орноткон.
2
Адамдын бийликке каршылык көрсөткөнү — Кудай орноткон тартипке каршы чыкканы. Каршы чыккандын баары өздөрү жазаланышат.
3
Бийлиги барлар жакшы иш кылгандарга эмес, жаман иш кылгандарга коркунуч туудурушат. Бийликтен коркпоону каалайсыңбы? Анда жакшылык кыл. Ошондо бийлик ээсинин мактоосуна татыйсың.
4
Анткени ал сага пайда келтириш үчүн Кудайдын кызматын кылат. Жамандык кылсаң, анда бийлиги бар адамдан корк, себеби анын сени жазалагыдай кудурети бар. Кудайдын кызматчысы катары ал Кудайдын жамандык жасагандарга карата чыгарган өкүмүн иш жүзүнө ашырат.
5
Мына ошон үчүн сен да жазадан коркконуңдан эмес, абийириң бар болгонунан бийликтегилерге баш ийишиң керек.
6
Салык төлөгөнүңдүн себеби да ушул: өз милдетин аткарып, бийликтеги адамдар ошону менен дайыма Кудайга кызмат кылышат.
7
Ошентип, аларга эмнени берүүгө тийиштүү болсоң, ошону берип жүр: бирине — салык, башкасына — төлөм, бирине — урмат, башкасына — сый.
8
Эч кимге бересеңер болбой, өз ара сүйүүнү өмүр бою төлөп өтөр карызыңар катары туткула. Бири-бирин сүйгөндөр мыйзам талаптарын аткарган болушат.
9
Анткени «ойноштук кылба», «киши өлтүрбө», «уурдаба», «башканын мүлкүнө көз артпа»жана ушул сыяктуу башка парыздардын баары мындай сөздө камтылган: «башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй».
10
Сүйгөн адам башкаларга жамандык кылбайт. Андай болсо, сүйүү — мыйзамдын бардык жол-жоболорун аткарууга тете.
11
Азыр кандай мезгил экенин, уйкубуздан ойгонор убакыт-саат келип калганын билип, ушундай кылгыла, себеби куткарылар күнүбүз жаңы ишенген убагыбызга караганда бизге азыр жакындап келди.
12
Түн бүтөйүн деп, таң атарга аз калды. Караңгынын иштерин таштап, жарыктын курал-жарагын алалы.
13
Той-тамаша менен масчылыкка, бузуктук менен адепсиздикке, чатакташуу менен көр албастыкка берилбей, күндүзгү жарыкта кандай жашаш керек болсо, ошондой жашайлы.
14
Эгебиз Ыйса Машаяктын жетегинде болгула да, күнөөкөр табиятыңардын камын көрүп, ышкыларын кандырууну токтоткула.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16