bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Habakkuk 1
Habakkuk 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 2 →
1
Хабакук пайгамбар көргөн көрүнүш.
2
Теңир, мен качанга чейин боздой берем? Сен мени качанга чейин укпайсың? Сага качанга чейин зордук-зомбулук тууралуу зар какшай берем? Сен качанга чейин куткарбайсың?
3
Эмне үчүн Сен мага кыянат иштерди, кыйынчылыктарды көрсөтүп жатасың? Талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту өз көзүм менен көрүп жатам, касташуулар менен уруш-чатактар болуп жатат.
4
Ушундан улам мыйзам өз күчүн жоготту, адилеттүү сот жок. Мыйзамсыз адам адил адамга үстөмдүк кылгандыктан, сот да туура эмес жүрүп жатат.
5
«Башка элдерге көз жүгүртүп, кунт коюп карагылачы, ошондо силер абдан таң каласыңар. Анткени Мен силердин күндөрүңөрдө бир иш жасайм, эгерде ал жөнүндө силерге айтышса, ишенмек эмессиңер.
6
Анткени Мен каздимдерди, жерди узун-туурасынан аралап жүргөн ырайымсыз жана жүгөндөлбөгөн элди, өздөрүнө таандык эмес айыл-кыштактарды басып алууга көтөрөм.
7
Ал – коркунучтуу, каардуу эл. Анын өкүмү да, бийлиги да өзүнөн чыгат.
8
Анын аттары илбирстерден күлүк, иңирдеги карышкырлардан ыкчам. Анын атчан аскерлери ар тарапка чапкылашат. Анын атчандары алыстан келишет, жемине шукшурулуп келип тийген бүркүттөй болуп учуп келишет.
9
Алардын баары талап-тонош үчүн келишет. Ал алдыга умтулуп, кумдай сансыз адамдарды туткундап кетет.
10
Ал падышаларды шылдың кылат, төрөлөр анын күлкүсүнө айланат. Ал бүт сепилдерге күлөт, курчоо жалын үйүп, аны каратып алат.
11
Ошондо ал текеберденет, жаалданып, ары-бери басат. Анын кудайы – өзүнүн күчү».
12
Бирок менин Кудай-Теңирим, менин Ыйыгым эзелтен бери эле Сен эмес белең? Биз өлбөйбүз! Сен, Теңир, аны сот үчүн койгонсуң. Менин аска-зоом! Сен аны жазалаш үчүн дайындагансың.
13
Сенин таза көздөрүң кыянат иштерди карап тура албайт, Сен мыйзамсыздыкты карап тура албайсың. Бирок эмне үчүн Сен кыянат иш кылгандарды карап турасың, эмне үчүн Сен мыйзамсыз адам өзүнөн адилеттүүрөөк адамды жутуп жатканда унчукпайсың?
14
Эмне үчүн Сен адамдарды башчысы болбогон деңиз балыктарындай, жерде сойлоочулардай кылып таштап салдың?
15
Ал алардын баарын кайырмактары менен сүйрөп чыгып, тору менен кармап, балык кармаган торлоруна чогултуп жатат, ошон үчүн кубанып, салтанат куруп жатат.
16
Ошон үчүн өз торуна арнап курмандыктарды чалып жатат, балык кармаган торуна арнап жыпар жыттуу зат түтөтүп жатат, анткени алар аркылуу анын үлүшү майлуу, тамак-ашы мол.
17
Эмне, ал өз торун ошон үчүн бошотуп жатабы? Ошон үчүн элдерди аёосуз уруп-согуп жатабы?
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3