bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Habakkuk 2
Habakkuk 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 3 →
1
Мен өз күзөт ордумда турдум, мунара үстүндө туруп, Теңир мага эмне деп айтарын билиш үчүн, менин даттануума эмне деп жооп берерин билиш үчүн, күтүп турдум.
2
Ошондо Теңир мага мындай деп жооп берди: «Көрүнүштү жаз, окуй турган адам оңой окуй алыш үчүн, аны таш лоокторго даана жазып кой.
3
Анткени көрүнүш белгилүү бир мезгилге таандык, ал акыркы күн жөнүндө айтат, алдабайт. Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт.
4
Текебер адам тынч ала албайт, ал эми адил адам өз ишеними менен тирүү болот.
5
Текебер адам ачыган шарапка окшош, тынчыбайт. Ал өлгөндөр жаткан жайга окшоп араанын ачат, өлүмгө окшоп эч нерсеге тойбойт, ал өзүнө бардык элдерди чогултат, бардык урууларды жыйнайт.
6
Бирок элдердин баары ал тууралуу лакап айтып, шылдыңдуу ыр чыгарып: “Өзүн өзүнүкү эмес, башка бирөөнүкү менен ченемсиз байыткан, өзүнө күрөөнү үйүп алган адамга кайгы! Бул качанкыга чейин созулат дейсиң!” – дешет.
7
Сени тытып жей тургандар капысынан чыкпайт бекен? Талап-тоноочулар сага каршы көтөрүлбөйт бекен? Алар сени талап-тоношот.
8
Сен көп элдерди талап-тоногонсуң, адам канын төккөнсүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраткансың, ошон үчүн сени да башка элдер талап-тоношот.
9
Өзүн жамандыктан сакташ үчүн, уясын бийик жерге салыш үчүн, арам жол менен байлык жыйнаган адамга кайгы!
10
Сен көп элдерди кырып, өз үйүңдү уят кылдың, өз жаныңа каршы күнөө кылдың.
11
Дубалдардын таштары боздоп ыйлашат, жыгач устундар аларга мындай деп жооп беришет:
12
“Кан төгүп шаар курганга, мыйзамсыздык менен чеп курганга кайгы!”»
13
Элдердин эмгегин от жалмап жатканы, уруулардын өздөрүн өздөрү бекер кыйнап жатышканы Себайот Теңирден эмес бекен?
14
Анткени суулар деңизди толтургандай, жер Теңирдин даңкын таанып билүүгө толот.
15
Сага кайгы, анткени сен жакыныңа өзүңдүн кыянаттыгың кошулган ичимдик берип жатасың, анын жылаңач этин көрүш үчүн, аны мас кылып жатасың!
16
Сен даңкка эмес, маскарачылыкка тойдуң. Сен да ич, жылаңач этиңди көрсөт. Теңирдин оң колундагы чөйчөк сага да жетет. Сага даңк эмес, маскарачылык келет.
17
Анткени сен Лебанондо кыянаттык кылдың, үрөйү учкан жаныбарларды кырдың, адам канын төктүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраттың.
18
Сүрөтчү жасаган буркандан, куюлуп жасалган бул жалган окутуучудан эмне пайда? Уста сүйлөбөгөн кудайларды жасап, өз чыгармасына таянганы менен, андан эмне пайда?
19
Жыгачка: «Тур!» – деген, үнсүз ташка: «Ойгон!» – деген адамга кайгы! Ошолор бир нерсеге үйрөтө алышабы? Ал алтын-күмүш менен капталган, анын жаны жок.
20
Теңир болсо Өзүнүн ыйык ийбадатканасында. Анын алдында бүт жер жүзү үндөбөсүн!
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3