bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Haggai 1
Haggai 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 2 →
1
Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылында, алтынчы айдын биринчи күнү Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга жана башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду.
2
Себайот Теңир мындай деди: «Бул эл: “Али убакыт келе элек, Теңир үйүн курганга убакыт келе элек”, – деп жатат».
3
Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду:
4
«Бул үй кыйрап жатса, өзүңөрдүн жасалгалуу үйүңөрдө жашай турган убакпы?»
5
Ошондуктан бүгүн Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.
6
Силер үрөндү көп сээп, бирок түшүмдү аз алып жатасыңар; жеп, бирок тойбой жатасыңар; ичип, бирок суусунуңар канбай жатат; кийим кийип, бирок жылыбай жатасыңар; эмгек акы тапкандар түбү тешик намыян үчүн эмгектенип жатышат».
7
Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.
8
Тоого чыгып, жыгач көтөрүп келип, ийбадаткана кургула. Мен ага ыраазы болом жана даңкталам, – дейт Теңир.
9
Көп нерсени күтүп, бирок аз нерсе алып жатасыңар. Yйүңөргө эмнени алып келсеңер, Мен аны сапырып жиберем. Эмне үчүн? – дейт Себайот Теңир. – Менин үйүм үчүн, ал кыйрап жатса, ар кимиңер өз үйүңөргө чуркайсыңар.
10
Ошон үчүн асман жабылып, силерге шүүдүрүм бербей жатат, жер өз түшүмүн бербей жатат.
11
Мен жерге, тоолорго, эгинге, жүзүм ширесине, зайтун майына, жер эмнени өстүрүп чыгарса, ошонун баарына, адамга, малга, ар кандай кол эмгекке кургакчылык чакырдым».
12
Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жетсадак уулу Жешуя жана элдин бардыгы өз Кудай-Теңиринин үнүн, өздөрүнүн Кудай-Теңири жиберген Акай пайгамбардын сөзүн угушту. Эл Теңирден коркуп калды.
13
Ошондо Теңирдин кабарчысы Акай элге Теңирдин сөзүн айтты: «Мен силер мененмин, – дейт Теңир».
14
Теңир Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылдын рухун, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын рухун жана элдин бүт калдыгынын рухун козгоду, ошондо алар келишип, өз Кудайынын – Себайот Теңирдин үйүндө иштей башташты.
15
Ишти Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылы, алтынчы айдын жыйырма төртүнчү күнү башташты.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 2 →
All chapters:
1
2