bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Haggai 2
Haggai 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
1
Жетинчи айдын жыйырма биринчи күнү Акай пайгамбар аркылуу Теңирден мындай сөз болду:
2
«Эми Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга жана элдин калдыгына мындай де:
3
“Араңарда бул үйдү мурунку даңкы менен көргөндөр барбы? Азыр силер аны кандай абалда көрүп турасыңар? Силердин көзүңөргө ал эч нерсеге арзыбаган нерсе катары көрүнүп турган жокпу?
4
Бирок сен азыр кайраттан, Зоробабыл, – дейт Теңир, – башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуя, кайраттан! Бул жердин бүт эли, кайраттан, – дейт Теңир, – иштей баштагыла, анткени Мен силер мененмин, – дейт Себайот Теңир.
5
Мисирден чыкканыңарда Менин силер менен түзгөн келишимим жана Менин рухум силер менен, коркпогула!”»
6
Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Жакын арада Мен асман менен жерди, деңиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам,
7
бардык элдерди солкулдатам, ошондо бардык элдер өздөрүнүн кымбат баалуу нерселери менен келишет, бул үйдү даңкка толтурам, – дейт Себайот Теңир.
8
Күмүш Меники, алтын да Меники, – дейт Себайот Теңир.
9
Бул акыркы ийбадаткананын даңкы мурунку ийбадаткананын даңкынан жогору болот, – дейт Себайот Теңир. – Мен бул жерге тынчтык берем, – дейт Себайот Теңир».
10
Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылы, тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнү Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду:
11
Себайот Теңир мындай дейт: «Ыйык кызмат кылуучулардан мыйзам тууралуу сура:
12
“Эгерде кимдир бирөө ыйык этти этегине салып бара жатып, этегин нанга, же бышкан ашка, же шарапка, же зайтун майына, же болбосо кандайдыр бир тамакка тийгизип алса, ал нерсе ыйык болуп калабы?”» Ыйык кызмат кылуучулар: «Жок», – деп жооп беришти.
13
Анан Акай мындай деди: «Эгерде өлүккө тийип булганган адам ушул нерселердин бирине тийип кетсе, ал нерсе таза эмес болуп калабы?» Ыйык кызмат кылуучулар: «Таза эмес болуп калат», – деп жооп беришти.
14
Ошондо Акай мындай деди: «Бул эл ушундай, Менин алдымда бул уруу ушундай, – дейт Теңир, – алар кылган иштердин баары ушундай! Алардын ошол жерде чалган курмандыктарынын бардыгы таза эмес.
15
Эми жүрөгүңөрдү бүгүнкү күндөн Теңир ийбадатканасында таш үстүнө таш коюла элек мезгилге карай бургулачы.
16
Ошол убактарда мындай болгон: жыйырма өлчөм боло турган чөмөлөгө келишсе, он өлчөм болуп чыккан; жүзүм сыгылуучу жайга элүү өлчөм сузуп алганы келишсе, жыйырма эле өлчөм болуп чыккан.
17
Мен силерди эгиниңерге коңур дат оорусун жиберип, эгиниңерди күйгүзүп, кылган бардык ишиңерди мөндүр менен талкалап жазаладым, ошондо да силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.
18
Бүгүнкү күндөн тартып – тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнүнөн, Теңирдин ийбадатканасы негизделген күндөн тартып артка карай жүрөгүңөрдү бургулачы. Жүрөгүңөрдү бургула:
19
Кампаларда дагы үрөн барбы? Буга чейин жүзүм сабагы да, анжыр дарагы да, анар дарагы да, зайтун дарагы да түшүм берген эмес. Ушул күндөн тартып Мен силерге батамды берем».
20
Айдын жыйырма төртүнчү күнү Акай пайгамбарга Теңирден экинчи ирет сөз болуп, мындай деп айтылды:
21
«Жүйүт башчысы Зоробабылга мындай деп айт: “Мен асман менен жерди солкулдатам.
22
Падышачылык тактыларды кулатам, бутпарас падышачылыктардын күчүн жок кылам, майдан арабаларын жана аларда отургандарды аласалдырам, аттары да, чабандестери да жерге кулатылат, ар бири өз бир тууганынын кылычы менен кулатылат.
23
Кулум, Шалтиел уулу Зоробабыл, – дейт Себайот Теңир, – ошол күнү Мен сени Өзүмө алам, – дейт Теңир, – сени мөөр шакеги катары сактайм, анткени Мен сени тандап алдым”, – дейт Себайот Теңир».
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
All chapters:
1
2