bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Lamentations 3
Lamentations 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
1
Мен Теңирдин каар таягынын соккусунан улам кайгыны баштан өткөргөн адаммын.
2
Ал мени жетелеп, жарыкка эмес, караңгылыкка киргизди.
3
Ал мага каршы бурулуп, күнү бою Өз колун менден тарткан жок.
4
Менин денем менен теримди жабыркатты, сөөктөрүмдү талкалады.
5
Мени тегерете тосту, мени кайгы жана кыйынчылык менен курчады.
6
Мени небак өлгөндөрдөй кылып, караңгы жерге отургузду.
7
Чыгып кетпесин деп, мени дубал менен курчады, кишендеримди оордотту.
8
Мен жалынып-жалбарып кайрылганымда, сыйынуумду токтотуп койду.
9
Менин жолдорумду таштар менен тосту, жолдорумду бузуп салды.
10
Ал мен үчүн буктурмада бугуп жаткан аюудай, жашыруун жерде жаткан арстандай болуп калды.
11
Ал менин жолдорумду бузуп салды, мени тытып таштады, мени киши санынан чыгарды.
12
Өз жаасын тартты, мени жаа үчүн бута кылып койду.
13
Өз саадагындагы жебелер менен бөйрөктөрүмө атты.
14
Мен өзүмдүн бүт элиме шылдың болдум, алардын күндөлүк ырына айландым.
15
Ал мени кайгыга тойгузду, мага эрмен ичирди.
16
Тиштеримди таш менен талкалады, мени күлгө оонатты.
17
Жанымдан тынчтык кетти, жакшы күн жөнүндө унутуп койдум.
18
Ошондо мен: «Алсырап калдым, Теңирге болгон үмүтүм үзүлдү.
19
Менин кайгым жөнүндө, кыйынчылыктарым жөнүндө, эрмен менен өт жөнүндө ойло», – дедим.
20
Аларды менин жаным тынымсыз эстеп, кыйналып жатат.
21
Мен өз жүрөгүмө мындай деп жооп берип, үмүт кылып жатам:
22
«Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы түгөнгөн жок.
23
Анын ырайымы ар бир таңда жаңырып турат. Сенин ишенимдүүлүгүң зор!
24
Теңир менин бөлүгүм, – дейт менин жаным, – ошондуктан мен Андан үмүттөнөм».
25
Теңирден үмүттөнгөндөргө, Теңирди издеген адамга Теңир ырайымдуу.
26
Теңирдин куткаруусун чыдамкайлык менен күткөн адамга жакшы.
27
Жаш кезинде моюнтурук көтөргөн адамга жакшы.
28
Ал унчукпастан жалгыз отурат, анткени аны ага Теңир салды.
29
Ал оозун топуракка коюп: «Балким, дагы үмүт бардыр», – деп ойлойт.
30
Ал уруп жатканга бетин тосот, кордукка тоёт.
31
Бирок Теңир түбөлүккө таштабайт.
32
Кайгы жиберсе да, Өзүнүн улуу ырайымдуулугу менен ырайым кылат.
33
Анткени Ал адам уулдарын Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча жазалабайт, Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча кайгыга салбайт.
34
Бирок жер жүзүндөгү бардык туткундарды тебелеп жатышканда,
35
Бардыгынан Жогору Тургандын алдында адамды адилетсиз соттоп жатышканда,
36
адамды өз ишинде кысымга алып жатышканда, Теңир көрбөйт бекен?
37
«Теңир буйрук кылбаган нерселер деле боло берет», – деп, ким айтып жатат?
38
Алаамат да, тынчтык да Бардыгынан Жогору Тургандын оозунан чыккан буйрук боюнча болуп жаткан жокпу?
39
Жашап жаткан адам эмнеге кайгырып жатат? Ар ким өз күнөөлөрү үчүн кайгырсын.
40
Өзүбүздүн жолдорубузду сынайлы, изилдейли, анан Теңирге кайрылалы.
41
Асманда жашаган Кудайга жүрөгүбүз менен колубузду көтөрөлү:
42
«Биз күнөө кетирип, өжөрлөндүк, Сен кечирген жоксуң.
43
Сен Өзүңдү каар менен жаап алып, биздин артыбыздан түштүң, бизди өлтүрдүң, аяган жоксуң.
44
Биздин сыйынуубуз Сага жетпеш үчүн, Сен Өзүңдү булут менен жаап алдың.
45
Элдердин арасында Сен бизди таштандыга, жийиркеничке айланттың.
46
Душмандарыбыздын бардыгы бизге каршы ооздорун араандай ачышты.
47
Коркунуч жана ор, кыйроо жана бүлүнүү биздин энчибиз болду».
48
Элимдин кызы кыйрагандыктан, көзүмдүн жашы көл болуп жатат.
49
Көз жашым токтобой төгүлүп жатат, анткени жеңилдик жок.
50
Теңир асмандан качанга чейин көз кырын салбайт, качанга чейин көрбөйт?
51
Менин шаарымдын бүт кыздары үчүн көзүм жанымды кайгыга салып жатат.
52
Мага эч себепсиз душман болгондор мени чымчык сыяктуу торго түшүрүү үчүн, ар кандай аракет кылышты.
53
Менин өмүрүмдү орго салып, мага таш жаадырышты.
54
Суу башыма чейин көтөрүлдү, ошондо мен: «Өлдүм!» – дедим.
55
Теңир, терең ордун ичинен мен Сенин ысымыңды чакырдым.
56
Сен менин үнүмдү уктуң. Менин үшкүрүгүмдү, ыйымды укпаш үчүн, Өз кулагыңды жаап алба!
57
Мен Сени чакырганда, Сен жакын келип: «Коркпо!» – дечүсүң.
58
Теңир, Сен менин жанымдын ишин коргоп турчусуң, менин өмүрүмдү куткарып турчусуң.
59
Теңир, Сен менин таарынычымды көрүп турасың, менин ишимди чечип бер!
60
Сен алардын бүт кегин, алардын мага каршы ойлогон бүт оюн көрүп турасың.
61
Теңир, Сен алардын тилдегенин, алардын мага каршы ойлогон ойлорун угуп турасың.
62
Сен күн сайын мага каршы чыккандардын сөздөрүн, алардын мага каршы колдонгон айла-амалдарын угуп турасың.
63
Аларды карачы, отурса да, турса да, алардын ыры – мен.
64
Теңир, аларга кылган иштерине жараша тиешесин бере көр.
65
Алардын жүрөгүнө караңгылык жибер, аларга Өзүңдүн каргышыңды жибер.
66
Теңир, каарың менен алардын артынан түш, аларды асман астынан жок кыл.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5