bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Lamentations 4
Lamentations 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
1
Алтын кандай карарды! Эң жакшы алтын кандай өзгөрдү! Ыйык жайдын таштары көчөлөрдүн кесилишине чачылды.
2
Сиондун таза алтынга барабар кымбат баалуу уулдары карапачы жасаган чопо идиштерге окшоп калышты!
3
Чөөлөр да эмчек берип, балдарын тойгузуп жатат, менин элимдин кызы болсо чөлдөгү төө кушка окшоп, таш боор болуп калды.
4
Суусаганынан эмчектеги баланын тили таңдайына жабышып калды. Балдар нан сурап жатышат, бирок аларга нан берген эч ким жок.
5
Таттуу тамак жегендер көчөлөрдө соолуп жатышат. Кочкул кызыл кийим кийип чоңойгондор кык кучактап жатышат.
6
Элимдин кызынын күнөөсү үчүн алган жазасы Содомдун күнөөсү үчүн алган жазасынан ашып түштү: Содом көз ачып-жумгуча кулатылган, ага адамдын колу тийген эмес.
7
Элимдин төрөлөрү кардан таза, сүттөн ак болчу. Алардын денеси маржандан сулуу, ал эми көрүнүшү сапфирдей эле.
8
Азыр болсо алардын жүзү бардык кара нерседен да кара. Көчөлөрдө аларды таанышпайт. Алардын териси сөөктөрүнө жабышып, жыгачтай болуп куурап калды.
9
Кылычтан өлгөндөр ачарчылыктан өлгөндөргө караганда бактылуу, анткени булар талаа жемиштеринин жетишпегендигинен кыйналып өлүп жатышат.
10
Менин элимдин кызы кыйрап жаткан убакта жүрөгү жумшак аялдар өздөрүнө тамак болуш үчүн, өз балдарын бышырышты.
11
Теңир Өзүнүн каарын, Өзүнүн жалындаган каарын төктү, Сион шаарына от койду, ал от шаардын негиздерин жалмады.
12
Иерусалимдин дарбазасынан душман менен жоо кирет деп, жер жүзүнүн падышалары жана ааламда жашагандардын баары ишенишкен эмес.
13
Мунун баары анын жалган пайгамбарларынын күнөөлөрү үчүн, шаардын ичинде адил адамдардын канын төккөн анын ыйык кызмат кылуучуларынын мыйзамсыздыктары үчүн болду.
14
Көчөлөрдө сокурлардай тентиреп жүрүштү, канга булганышты, ошондуктан алардын кийимдерине кол тийгизүү мүмкүн эмес эле.
15
Алардын алдында: «Четке чыккыла! Таза эмес!» – деп кыйкырышты. «Четке чыккыла, четке чыккыла, кол тийгизбегиле!» – дешти. Ошондо алар уялып, кетип жатышты. Элдер арасында болсо: «Алар бул жерде калышпасын, – деп жатышты.
16
Теңирдин жүзү аларды чачат. Теңир эми аларды карабайт, анткени алар ыйык кызмат кылуучуларды сыйлашпайт, аксакалдарга ырайым кылышпайт».
17
Биздин көзүбүз келбес жардамды күтүп талыды. Өзүбүздүн күзөт мунарабыздан бизди куткара албай турган элди күттүк.
18
Өз көчөлөрүбүздө баса албашыбыз үчүн, алар биздин ар бир кадамыбызды аңдып турушту. Биздин акыркы күнүбүз жакындап калды, күнүбүз бүттү, биздин акыркы күнүбүз келди.
19
Бизди куугунтуктагандар асмандагы бүркүттөрдөн да ыкчам эле. Алар тоолордо бизди кууп жүрүштү, чөлдө биз үчүн буктурма коюп жатышты.
20
Биздин өмүрүбүздүн деми – Теңирдин майланганы алардын оруна түштү. Биз ал жөнүндө: «Биз элдер арасында анын көлөкөсү астында жашайбыз», – дечү элек.
21
Эдом кызы, Уc жеринин тургуну, кубан, шаттан! Каарга толгон чөйчөк сага да жетет. Мас болгуча ичип, жылаңачтанасың.
22
Сион кызы! Сенин мыйзамсыздыгың үчүн жазалоо бүттү. Ал сени мындан ары кууп чыкпайт. Бирок мыйзамсыздыгың үчүн, Эдом кызы, Ал сени жазалайт, күнөөлөрүңдү ачат.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5