bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Acts 14
Acts 14
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 15 →
1
Икония шаарында Пабыл менен Барнап адаттагыдай иудей синагогасына барышты да, сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн иудейлер менен иудей эместер ишенимге келишти.
2
Ал эми Кудай сөзүнө баш ийбеген иудейлер болсо башка улуттагыларды ишенгендерге каршы тукуруп, дүрбөлөңгө салышты.
3
Ошондуктан эки элчи көп убакыт бою ошол жерде болуп, Эгебиз тууралуу тайманбай ачык сүйлөшүп, Анын берекелүү сөздөрүн айтышты. Кудай болсо алар аркылуу кереметтүү жышаандарды жана укмуштарды жаратып жатты.
4
Шаар эли экиге бөлүнүп, бир тобу иудейлер тарапта болсо, бир тобу элчилер тарапта болушту.
5
null
6
Башка улуттун адамдары иудей башчылары менен биригип алышып, элчилерди кордоп, таш бараңга алмакчы болуп жулунганын байкаган элчилер Лукония аймагындагы Листра менен Дербе шаарларына жана алардын айланасындагы жерлерге кетип,
7
Жакшы Кабарды ошол жакта таратып жүрүштү.
8
Листрада эки буту тең шал болгон бир адам отурчу. Ал тубаса оорулуу болгондуктан, эч качан басып көрбөгөн.
9
Бу киши Пабылдын сөзүн угуп олтурган. Пабыл ага тике карады да, анын айыгып кетүүгө жете турган ишенимин көрүп:
10
— Кана, тур өйдө! — деп кыйкырды. Ошондо ал секирип туруп, басып кетти.
11
Пабылдын кылганын көргөн эл лукон тилинде: — Булар бизге адам кейпинде түшүп келген кудайлар! — деп кыйкыра башташты.
12
Алар Барнапты Зевс деп, ал эми дайыма сөздү баштап сүйлөп жүргөндүктөн Пабылды Эрмес аташты.
13
Шаардын сыртындагы грек кудайы Зевстин ийбадатканасынын динкызматчысы эл менен бирге аларга курмандык чалмакчы болуп, букалар менен гүлдөрдү шаар дарбазасына алып келди.
14
null
15
Элчилер — Барнап менен Пабыл муну укканда, үстүндөгү кийимдерин тытып жиберишип, элдин арасына чуркап киришти. — Эл-журт! Эмне кылганы жатасыңар? — дешти алар. — Биз деле силерге окшогон пендебиз. Силерди бул пайдасыз нерселерге табынбай, асман-жерди, деңизди жана алардын ичиндегинин баарын жараткан тирүү Кудайга ишенсин деген Жакшы Кабарды айтып жүрөбүз.
16
Өздөрү каалагандай жашаган бардык улуттарды ал мурдагы замандарда тим койду.
17
Ошондой болсо да, бизге асмандан жамгырын жаадырып, түшүм мезгилдерин берип, ырыскыбызды үзбөй, көңүлүбүздү куунак кылып, ушул жакшылыктары менен Өзүн күбөлөндүрүп келди.
18
Элчилер ушундай деп, аларды өздөрүнө курмандык чалуудан араң токтотушту.
19
Ушундан соң, Антахия менен Икониядан келген иудейлер элди өздөрү тарапка тартып алып, Пабылды таш бараңга алышты. Анан өлдү го деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.
20
Бирок айланасына шакирттер чогулганда, Пабыл ордунан турду да, кайра шаарга кирди. Эртеси күнү ал Барнап менен бирге Дербеге кетип калды.
21
Элчилер Дербеде Жакшы Кабарды таратып, көптөгөн адамдарды Ыйсанын шакирттери кылды. Андан соң Листра, Икония жана Антахияга кайтышты.
22
Кайда барбасын, ишенгендерди: «Ишенимиңерди сактап жашагыла, Кудай Падышачылыгына далай азаптарды баштан кечирип киребиз», — деп кайраттандырышты.
23
Ар бир ишенгендер жыйынына жыйын жетекчилерин дайындашып, орозо кармап сыйынышып, аларды өздөрү ишенип калган Эгебизге тапшырышты.
24
Андан кийин эки элчи Писидиядан өтүп, Памфилия аймагына келди.
25
Пергеде Кудайдын сөзүн жарыялап, Атталия шаарына түшүштү.
26
Атталиядан кемеге отуруп, Антахияга бет алышты. Антахияда алар бул иш үчүн ырайымдуу Кудайдын колуна тапшырылган эле. Алар аны да бүтүрүштү.
27
Келишкенде, ишенгендерди жыйнап, Кудай алар аркылуу эмнелерди кылганын жана башка элдерге ишенимдин эшигин кандайча ачып бергенин айтып беришти.
28
Андан кийин бир топ убакыт ошол жерде алар менен бирге болушту.
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28