bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Acts 6
Acts 6
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 7 →
1
Шакирттердин катары көбөйгөн ушул күндөрдө грек тилдүүлөр алардын арасындагы жесирлер күндөлүк тамак-ашты бөлүштүрүүдө эврей тилдүүлөрдүн арасындагы жесирлерден кем алып жүрүшүптүр деп нааразы болушту.
2
Ошондо элчилер шакирттердин баарын чакырып алып, мындай дешти: — Кудайдын кабарын таратууну таштап, тамак-аш менен алек болгонубуз жакшы болбос.
3
Ошондуктан, боордоштор, араңардан ишеничтүү, Ыйык Рухка толгон жети акылман кишини тандагыла, бул кызматка ошолорду дайындайлы.
4
Биз болсок убактыбызды сыйынууга, Жакшы Кабар таратканга жумшайлы.
5
Бул сунуш жыйынга жакты. Алар ишеними күчтүү жана Ыйык Рухка толгон адамдар — Степанды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана эврей улутунан эмес антахиялык Николаны тандашты.
6
Ушул жети кишини элчилердин алдына алып келишти. Элчилер Кудайга сыйынышып, колдорун жайып, аларга бата тилешти.
7
Кудайдын сөзү улам кеңири тарап, шакирттердин саны Иерусалимде абдан көбөйдү. Дин кызматчылардын арасынан да көп адамдар Ыйсага ишенгендерге кошулушту.
8
Ишеними күчтүү жана Кудайдын кудуретине толгон Степан эл арасында улуу укмуштар менен кереметтерди жаратып жатты.
9
Бирок бир күнү «эркин адамдардын синагогасы» аталган синагогадан кайсы бир адамдар Степан менен талаша кетишти. Алар Киренея менен Александрия шаарларынан жана Киликия менен Асия дубандарынан келишкен иудейлер эле.
10
Бирок Ыйык Рухтун жетегинде акылмандуулук менен сүйлөгөн Степандын сөздөрүнө каршы тура алышпады.
11
Ошондуктан кайсы бир адамдарды тымызын табышып: «Биз мунун Муса пайгамбарга каршы сүйлөп, Кудайга акарат келтиргенин уктук» деп аларды тукуруп коюшту.
12
Ошентип, элди, эл башчыларын жана дин мугалимдерин Степанга каршы чыгарып, аны кармашты да, жогорку кеңешке алып келишти.
13
Жалган күбөлөрдү жалдап, аларга мындай деп айттыртышты: «Бул киши касиеттүү жайыбыз ийбадаткананы жана Муса пайгамбардын мыйзамын дайыма жамандап жүрөт.
14
Биз анын назареттик Ыйса бул ийбадаткананы талкалап, Муса пайгамбардын бизге калтырган үрп-адаттарын өзгөртөт деп айтканын уктук».
15
Ушул жерден жогорку кеңеште олтургандардын баары Степанга кадала карап калышты, анткени анын жүзү периштеникиндей жаркырап, нурданып турган эле.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28