bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 John 1
1 John 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 2 →
1
Эң башында Өмүр Сөзү болгон. Аны биз угуп, өз көзүбүз менен көрүп, карап, колубуз менен кармап көргөнбүз.
2
Өмүр келди, аны биз көрдүк жана ал жөнүндө күбөлөндүрүп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол түбөлүк Өмүрдү жарыялап жатабыз.
3
Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле – Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле.
4
Муну силерге кубанычыңар толук болуш үчүн жазып жатабыз.
5
Биз Машайактан уккан Жакшы Кабарды азыр силерге жарыялап жатабыз: Кудай – жарык, Анда эч кандай караңгылык жок.
6
Эгерде Аны менен мамилебиз бар деп жатсак, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда жалган айтып жатабыз жана чындык боюнча мамиле кылган жокпуз.
7
Ал жарыкта болгон сыяктуу биз да жарыкта жүрсөк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт.
8
Эгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок.
9
Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт.
10
Эгерде күнөө кылган жокпуз деп жатсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана Анын сөзү биздин ичибизде жок.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5