bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 John 3
1 John 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
1
Карагылачы, Кудайдын балдары деп аталышыбыз үчүн, Кудайдын балдары болушубуз үчүн, Ата бизге кандай сүйүү көрсөттү. Бул дүйнө Атаны таанып билбегендиктен, бизди да тааныбайт.
2
Сүйүктүүлөрүм, биз эми Кудайдын балдарыбыз. Бирок эмне болорубуз бизге айкын боло элек. Машайак келгенде, Ага окшош болорубузду гана билебиз. Анткени Анын кандай экенин көрөбүз.
3
Машайактан ушундай үмүт кылган адам Машайактай таза болуу үчүн, өзүн тазалайт.
4
Ким күнөө кылса, ал мыйзамсыздык кылган болот. Күнөө – бул мыйзамсыздык.
5
Машайак бизди күнөөлөрдөн арылтыш үчүн келгенин жана Анда эч кандай күнөө болбогондугун билесиңер.
6
Машайактын ичинде жашап жаткан адам күнөө кылбайт. Ал эми күнөө кылган адам Аны көрө элек, Аны таанып биле да элек.
7
Балдарым, силерди эч ким алдабасын: адил иш кылган адам Машайак сыяктуу адил.
8
Күнөө кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери күнөө кылып келе жатат. Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген.
9
Кудайдан туулган адам күнөө кылбайт, анткени анын ичинде Кудайдын уругу жашайт. Ал күнөө кыла албайт, анткени Кудайдан туулган.
10
Адил иш кылбаган жана бир тууганын сүйбөгөн адам Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен шайтандын балдары ушундан айырмаланат.
11
Анткени силер башынан бери угуп келе жаткан кабар бул: бири-бирибизди сүйөлү.
12
Амалкөйдөн болгон, өз бир тууганын өлтүргөн Кабылдай болбогула. Кабыл өз бир тууганын эмне үчүн өлтүрдү эле? Анын иштери жаман, ал эми бир тууганынын иштери туура болчу.
13
Бир туугандарым, эгерде бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла.
14
Өлүмдөн өмүргө өткөнүбүздү биз билебиз, анткени бир туугандарыбызды сүйөбүз. Бир тууганын сүйбөгөн адам өлүмдүн бийлиги астында.
15
Бир тууганын жек көргөн адам – киши өлтүрүүчү. Киши өлтүрүүчү адам өзүндө бар болуп турган түбөлүк өмүргө ээ эмес экендигин силер билесиңер.
16
Ал биз үчүн Өз жанын бергендиктен, сүйүүнүн кандай болорун билдик. Ошондуктан биз да бир туугандарыбыз үчүн өз жаныбызды беришибиз керек.
17
Колунда бар болгонуна карабастан, бир тууганынын муктаждыгын көрүп туруп жардам бербеген адамда кантип Кудайдын сүйүүсү болсун?
18
Балдарым, сөзүбүз же тилибиз менен эмес, ишибиз менен, чын жүрөгүбүз менен сүйөлү.
19
Чындыктан экенибизди ушундан билип алабыз, бизди жүрөгүбүз айыптаса да, жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз. Анткени Кудай жүрөгүбүздөн чоң, Ал баарын билет.
21
Сүйүктүүлөрүм, эгерде жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында кайраттуу-лукка ээбиз.
22
Эмне сурасак да, Андан алабыз, анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз.
23
Ал эми Анын осуяты болсо бул: Уулу Ыйса Машайакка ишенүү жана бири-бирибизди Ыйса осуяттагандай сүйүү.
24
Ким Кудайдын осуяттарын аткарса, ал Кудайдын ичинде болот жана Кудай ал адамдын ичинде болот. Анын биздин ичибизде экенин бизге берген Руху боюнча билебиз.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5