bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 John 4
1 John 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
1
Сүйүктүүлөрүм, рухтун баарына эле ишене бербегиле. Рухтарды: «Кудайданбы же Кудайдан эмеспи?» – деп сынап көргүлө. Анткени дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болду.
2
Кудайдын Рухун мындан билип аласыңар: адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныган рух Кудайдан.
3
Ал эми адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныбаган рух Кудайдан эмес. Ал – Машайактын каршылашынын руху. Анын келерин уккансыңар, дегинкиси, ал азыр эле дүйнөдө.
4
Балдарым, силер Кудайдансыңар, ошондуктан аларды жеңдиңер. Анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан чоң.
5
Алар бул дүйнөдөн, ошондуктан бул дүйнөнүкүндөй сүйлөшөт, дүйнө болсо аларды угат.
6
Биз Кудайданбыз. Ким Кудайды тааныса, ал бизди угат. Ким Кудайдан болбосо, ал бизди укпайт. Чындык Рухун жана жалган рухту ушундан билип алабыз.
7
Сүйүктүүлөрүм, бири-бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү Кудайдан. Ким сүйсө, ал Кудайдан туулган жана Кудайды билет.
8
Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай – сүйүү.
9
Кудайдын сүйүүсү бизге бул аркылуу айкын болду: Уулу аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, Кудай бул дүйнөгө Өзүнүн жалгыз Уулун жиберди.
10
Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди.
11
Сүйүктүүлөрүм, эгерде Кудай бизди ушундай сүйсө, анда биз да бири-бирибизди сүйүшүбүз керек.
12
Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес. Эгерде биз бири-бирибизди сүйсөк, анда Кудай биздин ичибизде жашайт жана биздин ичибизде Анын жеткилең сүйүүсү бар.
13
Кудайдын ичинде жашап жатканыбызды жана Анын биздин ичибизде жашап жатканын бизге берген Руху аркылуу билебиз.
14
Атанын Өз Уулун дүйнөгө Куткаруучу кылып жибергенин биз өз көзүбүз менен көрүп, күбөлөндүрүп жатабыз.
15
Ыйсанын Кудай Уулу экендигин ачык тааныган адамдын ичинде Кудай жашайт, ал адам да Кудайдын ичинде жашайт.
16
Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн билип, ошого ишендик. Кудай – сүйүү. Сүйүп жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт, Кудай да анын ичинде жашайт.
17
Биздин ичибиздеги сүйүү жеткилеңдикке жеткендиктен, сот боло турган күнү биз кайраттуулукка ээбиз. Анткени Ал кандай болсо, биз да бул дүйнөдө ошондойбуз.
18
Сүйүүдө коркунуч жок. Тескерисинче, жеткилең сүйүү коркунучту жок кылат, корккон адам кыйналат. Корккон адамдын ичиндеги сүйүү жеткилең эмес.
19
Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү.
20
Ким: «Мен Кудайды сүйөм», – десе, бирок бир тууганын жек көрсө, ал – жалганчы. Анткени өзү көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүймөк эле?
21
Биз Андан «Ким Кудайды сүйсө, ал бир тууганын да сүйсүн» деген осуятты алганбыз.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5