bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Timothy 2
1 Timothy 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 3 →
1
Ошентип, баарынан мурда суранарым: такыбаалык, тазалык менен бейпил жана коогасыз жашашыбыз үчүн,
2
бардык адамдар үчүн, падышалар жана бардык башкаруучулар үчүн сыйынгыла, өтүнгүлө, жалынгыла жана ыраазычылык билдиргиле.
3
Анткени бул жакшы жана биздин Куткаруучубуз Кудайга жагат.
4
Анткени Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт.
5
Анткени Кудай бирөө, Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы да бирөө. Ал – адам болуп келген Машайак Ыйса.
6
Ал Өзүн бардык адамдар үчүн кун катары берди: өз убагында берилген күбөлөндүрүү ушул.
7
Мен ошол күбөлөндүрүүнүн жар салуучусу жана элчиси, ишеним жана чындык менен окуткан бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам. Мен чындыкты айтып жатам, калп айткан жокмун.
8
Ошондуктан мен эркектердин бардык жерде таза колдорун көтөрүп, ачууланбастан жана шектенбестен сыйынууларын каалайм.
9
Ошондой эле аялдар да өздөрүн өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен,
10
өздөрүн такыбаа жашоого арнаган аялдарга таандык болгон жакшы иштер менен жасалгалашсын.
11
Аял киши унчукпастан, толук баш ийүү менен үйрөнсүн.
12
Аял кишинин окутушуна, күйөөсүнө бийлик кылышына тыюу салам, ал унчукпасын.
13
Анткени адегенде Адам ата, андан кийин Обо эне жаратылган.
14
Адам ата азгырылган эмес, аял азгырылып, күнөөгө баткан.
15
Ошондой болсо да, эгерде ишенимди жана сүйүүнү, ыйыктыкты жана адеп-ахлактуулукту сактаса, бала төрөө аркылуу куткарылат.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6