bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Timothy 4
1 Timothy 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 5 →
1
Рух болсо мындай деп ачык айтып жатат: акыркы убактарда адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салып, кээ бирөөлөр ишенимден четтешет.
2
Бул окутуулар абийири күйүп кеткен калпычылардын эки жүздүүлүгү менен таратылат.
3
Алар үйлөнүүгө жана Кудай жараткан кээ бир тамактарды жегенге тыюу салышат. Бирок ал тамактарды ишенгендер менен чындыкты таанып билгендер ыраазычылык билдирүү менен жеши керек.
4
Анткени Кудай жараткан нерсенин бардыгы жакшы. Эгерде ыраазычылык менен кабыл алынса, эч бир нерсе четке кагылбоого тийиш.
5
Себеби алардын бардыгы Кудайдын сөзү жана сыйынуу менен ыйыкталынат.
6
Ушуну бир туугандарга үйрөтсөң, өзүң жолдогон жакшы окутуунун жана ишенимдин сөздөрү менен азыктанган, Ыйса Машайактын жакшы кызматчысы болосуң.
7
Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач. Такыбаа болууга машык.
8
Анткени денени машыктыруудан пайда аз, ал эми такыбаалык бардык нерсеге пайдалуу, анда азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган.
9
Бул сөз чындык жана толугу менен кабыл алынууга арзыйт.
10
Анткени биз бардык адамдардын, айрыкча Ыйсага ишенгендердин, Куткаруучусу болгон тирүү Кудайдан үмүттөнгөндүгүбүз үчүн, эмгектенип да, кордукка чыдап да жатабыз.
11
Ушуну айтып үйрөт.
12
Эч ким сени жашсынтпашы үчүн, сен Ыйсага ишенгендерге сөзүң менен, жүрүш-турушуң менен, сүйүүң менен, ишенимиң менен, тазалыгың менен үлгү бол.
13
Мен келгенче, Ыйык Жазууну окуп берип, насаат айтып, үйрөтүп тур.
14
Пайгамбарчылык боюнча Жыйын башчыларынын кол коюп сыйынуусу аркылуу берилген жөндөмдүүлүгүңө көңүл коштук кылба.
15
Ошол үчүн кам көр, ошону таштаба, сенин ийгилигиңди бардыгы көргүдөй болсун.
16
Өзүңө жана окутууга көңүл бур, ушул нерседе туруктуу бол, анткени ошентүү менен өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6