bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Timothy 3
1 Timothy 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 4 →
1
«Ким Жыйындын башчысы болууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат» деп айтылып жүргөн сөз туура.
2
Бирок Жыйын башчысы кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болушу керек. Ал токтоо, акыл-эстүү, адептүү, чынчыл, меймандос, окутууга жөндөмдүү,
3
ичкиликке жакын эмес, эч кимге кол көтөрбөгөн, көр жеме эмес, дүнүйөкор эмес, тескерисинче, кичи пейил, тынчтыкты сүйгөн, акчаны сүйбөгөн,
4
өз үйүн жакшы башкара билген, балдарын өзүнүн кадыр-баркы менен баш ийдире алган адам болушу керек.
5
Анткени өз үйүн башкара албаган адам Кудайдын Жыйыны үчүн кам көрө алабы?
6
Текеберденип кетип, шайтан сыяктуу сотко кабылбашы үчүн, ал Кудайга жаңы кайрылгандардан болбошу керек.
7
Жаман сөзгө калбаш үчүн, шайтандын торуна түшпөш үчүн, ал сырттагылар тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон адам болушу керек.
8
Диакондор да өз кадыр-баркын сактай билген, эки сүйлөбөгөн, ичкиликке жакын эмес, дүнүйөкор эмес,
9
ишенимдин сырын таза абийир менен сактаган адамдар болуулары керек.
10
Бирок булар да адегенде сыналуулары керек, андан кийин, эгерде кемчиликсиз болушса, кызмат кылышсын.
11
Аялдар да өз кадыр-баркын сактай билген, ушак сүйлөбөгөн, акыл-эстүү, бардык нерседе ишенимдүү болуулары керек.
12
Диакон бир эле жолу үйлөнгөн, балдарын жана өз үйүн жакшы башкара билген адам болушу керек.
13
Анткени жакшы кызмат кылгандар жакшы даражага жетишет жана Машайак Ыйсага болгон ишеним жолунда зор кайраттуулукка ээ болушат.
14
Сага жакында барам деген үмүтүм бар болсо да, балким, кечирээк барып каламбы деп, ушул катты жазып жатам.
15
Чындыктын тиреги жана негизи, тирүү Кудайдын Жыйыны болгон Кудайдын үйүндө өзүңдү кандай алып жүрүүнү билишиң керек.
16
Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6