bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Kings 1
2 Kings 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 2 →
1
Ахап өлгөндөн кийин, Маап Ысрайылдан бөлүнүп кетти.
2
Ахазай Самариядагы өз үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн терезесинин тосмосунан жыгылып, ооруп жатып калды. Ошондо ал элчилерин мындай деп жөнөттү: «Баргыла, Экрон кудайы Белзебулдан сурагыла: Мен ушул оорудан айыгамбы?»
3
Ошондо Теңирдин периштеси тишпилик Илияска мындай деди: «Тур, Самария падышасы жиберген элчилердин алдынан чыгып, аларга мындай деп айт: “Экрон кудайы Белзебулдан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу?
4
Ошон үчүн Теңир: “Жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”, – дейт». Илияс жөнөп кетти.
5
Анан элчилер Ахазайга кайтып келишти. Ахазай алардан: «Силер эмне кайтып келдиңер?» – деп сурады.
6
Алар ага: «Алдыбыздан бир киши чыгып, бизге мындай деди: “Силерди жиберген падышаңарга кайра кайрылып барып, ага айткыла: Теңир мындай дейт: "Экрондун кудайы Белзебулдан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу? Ошон үчүн сен жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң"”», – деп жооп беришти.
7
Ошондо ал алардан: «Силердин алдыңардан чыгып, ушул сөздү айткан адамдын сырткы көрүнүшү кандай экен?» – деп сурады.
8
Алар ага: «Ал түктүү кийим кийген, белин кайыш кур менен курчаган киши экен», – деп жооп беришти. Ошондо ал: «Ал – тишпилик Илияс», – деди.
9
Анан ал ага элүү кишиси менен элүү башыны жиберди. Ал тоонун башында отурган Илияска барып: «Кудайдын кишиси, падыша сени түшсүн, – дейт», – деди.
10
Илияс элүү башыга: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан от түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.
11
Падыша ага башка элүү кишини элүү башы менен жөнөттү. Ал ага: «Кудайдын кишиси, падыша сени тезирээк түшсүн дейт», – деди.
12
Илияс ага: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан Кудайдын оту түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.
13
Yчүнчү жолу да элүү башыны элүү кишиси менен жиберди. Үчүнчү элүү башы тоого чыгып, Илиястын алдына келип, тизелеп: «Кудайдын кишиси! Менин жана ушул элүү кулуңдун жанын бааласаң экен.
14
Асмандан от түшүп, мурдагы эки элүү башыны элүүдөн кишиси менен өрттөп кетти. Бирок менин жанымды бааласаң экен!» – деп жалынды.
15
Ошондо Теңирдин периштеси Илияска: «Аны менен бирге бар, андан коркпо», – деди. Ал туруп, аны менен падышага барды.
16
Илияс ага: «Теңир мындай дейт: “Ысрайылда Кудай жок болгонсуп, Кудайдан сурабастан, элчилерди жиберип, Экрон кудайы Белзебулдан сураганың үчүн, жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”», – деди.
17
Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча Ахазай өлдү. Анын баласы жок болгондуктан, Жүйүт падышасы Жошапат уулу Жорамдын падышачылыгынын экинчи жылында бир тууганы Жорам такка отурду.
18
Ахазайдын башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25