bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Kings 20
2 Kings 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 21 →
1
Ошол күндөрү Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амос уулу Ышайа пайгамбар келип: «Теңир мындай дейт: “Өз тукумуңа мурас кагазын калтыр, анткени сен өлөсүң, айыкпайсың”», – деди.
2
Хиския жүзүн дубалга буруп, Теңирге мындай деп сыйынды:
3
«Оо Теңир! Сенин алдыңда туура жүргөнүмдү, Сага чын жүрөгүмдөн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды эстей көр». Анан Хиския катуу ыйлады.
4
Ышайа шаардан чыга электе, ага Теңирден мындай сөз болду:
5
«Кайра кайтып, Менин элимдин башчысы Хискияга айт: “Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: "Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм. Мен сени айыктырам. Yчүнчү күнү Теңир үйүнө барасың.
6
Сенин өмүрүңө дагы он беш жыл кошом, сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды Өзүм үчүн, Өзүмдүн кулум Дөөт үчүн коргойм"”».
7
Ышайа: «Кургатылган анжырды алгыла», – деди. Алар кургатылган анжырды алып, жарага жабышты. Ал айыгып кетти.
8
Ошондо Хиския Ышайадан: «Мени Теңир айыктырарын, үчүнчү күнү Теңир үйүнө барарымды билишим үчүн, кандай жышаан берилет?» – деп сурады.
9
Ышайа ага: «Өзү айткан сөздү аткарарын ырасташ үчүн Теңир берген жышаан бул: көлөкө он тепкич алдыга жылсынбы же он тепкич артка жылсынбы?» – деди.
10
Хиския: «Көлөкөнүн он тепкич алдыга жылышы оңой. Жок, көлөкө он тепкич артка жылсын», – деди.
11
Ышайа пайгамбар Теңирге сыйынып, Ахаздын тепкичтеринен түшүп келе жаткан көлөкөнү он тепкич артка жылдырды.
12
Ошол убакта Бабыл падышасы Баладан уулу Меродах-Баладан Хискияга кат жана белек жиберди, анткени Хискиянын ооруп жатканын уккан.
13
Хиския элчилердин айтканын угуп, аларга өзүнүн казыналарын, алтын-күмүштөрүн, жыпар жыттуу заттарын, кымбат баалуу, жыпар жыттуу майларын жана курал-жарак сактаган үйүн, кампаларын, аларда эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хиския өз үйүндөгү, өз падышачылыгындагы бардык нерсени көрсөттү, аларга көрсөтпөгөн нерсеси калган жок.
14
Ошондо Ышайа пайгамбар Хиския падышага келип: «Бул кишилер эмне дешти, алар сага кайдан келишти?» – деп сурады. Хиския ага: «Алар мага алыс жактан, Бабылдан келишти», – деп жооп берди.
15
Ышайа: «Алар сенин үйүңдөн эмнени көрүштү?» – деп сурады. Хиския: «Алар менин үйүмдө эмне болсо, ошонун баарын көрүштү. Менин казыналарымда аларга көрсөтпөгөн нерсе калган жок», – деп жооп берди.
16
Ошондо Ышайа Хискияга мындай деди: «Теңирдин сөзүн ук:
17
“Сенин үйүңдө эмне болсо, ошонун баарын, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне жыйнап келишсе, ошонун баарын Бабылга алып кетүүчү күндөр келет. Эч нерсе калбайт, – дейт Теңир.
18
Сенин тукумуңдан, сенин уулдарыңдан алып кетишет, алар Бабыл падышасынын падыша сарайында эбнух болушат”».
19
Ошондо Хиския Ышайага: «Сен айткан Теңирдин сөзү жакшы», – деди. Ал: «Менин өмүрүм өткүчө тынчтык жана жыргалчылык болот!» – деп ойлогондуктан ушинтип айтты.
20
Хиския жөнүндө, анын бардык эрдиктери, көлмө жана арык казганы, шаарга суу киргизгени жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
21
Хиския ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Менаше такка отурду.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25