bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Kings 24
2 Kings 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 25 →
1
Жайакимдин тушунда Бабыл падышасы Небухаданасар кол салды. Жайаким үч жыл анын бийлиги астында болду, бирок кийин андан бөлүнүп кетти.
2
Теңир аларды Өзүнүн кулдары – пайгамбарлары аркылуу айткан сөзү боюнча Жүйүттү кырып жок кылуу үчүн, ага каршы каздимдердин, сириялыктардын, мааптыктардын жана амондуктардын аскерлерин жиберди.
3
Менашенин күнөөсү жана кылган бардык иштери үчүн Теңирдин буйругу боюнча Жүйүттү Өзүнөн четтетүү үчүн,
4
Менашенин жазыксыз кан төгүп, Иерусалимди жазыксыз канга толтурганы үчүн Жүйүттү ушундай кылды, Теңир аны кечиргиси келген жок.
5
Жайаким жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
6
Жайаким ата-бабаларына кошулуп, анын ордуна уулу Жайахин такка отурду.
7
Мисир падышасы андан кийин өз жеринен чыккан жок, себеби Бабыл падышасы Мисир падышасына караштуу жерлерди, Мисир дарыясынан Эфрат дарыясына чейинки жерлерди басып алган эле.
8
Жайахин такка отурганда, он сегиз жашта эле, ал Иерусалимде үч ай падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Нехушта, ал иерусалимдик Элнатандын кызы эле.
9
Ал атасындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.
10
Ошол убакта Бабыл падышасы Небухаданасардын кулдары Иерусалимге келип, шаарды курчап алышты.
11
Кулдары шаарды курчап жатканда, Бабыл падышасы Небухаданасар шаарга келди.
12
Жүйүт падышасы Жайахин энеси, кызматчылары, төрөлөрү жана эбнухтары менен Бабыл падышасына багынып берди. Бабыл падышасы шаарды өз падышачылыгынын сегизинчи жылында басып алды.
13
Небухаданасар ал жерден Теңир үйүндөгү жана падыша сарайындагы кымбат баалуу буюмдарды алып кетти. Теңир айткандай, Ысрайыл падышасы Сулайман жасаган Теңирдин ийбадатканасындагы алтын идиштердин баарын талкалады.
14
Ал Иерусалимдин бүт элин, бардык төрөлөрүн, эр жүрөк аскерлерин туткундап кетти. Туткундалып кеткендердин саны он миң эле. Ал бардык жыгач усталарды, темир усталарды туткундап кетти. Ал жерде жарды элден башка эч ким калган жок.
15
Жайахинди ал Бабылга туткундап кетти. Падышанын энесин, аялдарын, эбнухтарын, ал жердин күчтүүлөрүн Иерусалимден Бабылга туткундап кетти.
16
Жети миң аскерин, кол өнөрчүлөрү менен миң куруучусун, согушка жарактуу эр жүрөк адамдарын Бабыл падышасы Бабылга туткундап кетти.
17
Бабыл падышасы Жайахиндин ордуна анын жакын тууганы Матанияны такка отургузуп, атын Ситкия кылып өзгөрттү.
18
Ситкия такка отурганда, жыйырма бир жашта эле. Ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Хамутал, ал либналык Жеремиянын кызы болчу.
19
Ал Жайакимге окшоп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.
20
Теңир Жүйүт менен Иерусалимге абдан катуу каарданып, аларды таштап салды. Ситкия Бабыл падышасынан бөлүнүп кетти.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25